Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

“Сен жетимге каарданба! 
Ал эми тилемчиге орой мамиле кылба!”
                                    (Духа сүрөсү, 9-10)
Регионы | 05.05.2025
  • |

Баткенде диний окуу жайлар ортосунда спорттук мелдеш өттү

Баткен облусундагы диний окуу жайлар арасында “Инсандын руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы” тууралуу КРП Жарлыгынын алкагында жана Баткен облусунун мусулмандарынын казыятынын 2025-жылга карата иш планынын негизинде, ынтымакты бекемдөө жана жаштарды сергек жашоого үндөө максатында спорттук мелдеш болуп өттү.
Бул жолку мелдешке Кадамжай районундагы "Ак Эшан ата" медресеси үй ээлигин кылып, облустун ар кайсы аймактарынан келген 15 диний окуу жайдын окутуучуларын жана студенттерин тосуп алды.

Иш-чаранын ачылыш аземине Баткен облусунун казысы Нуридин ажы Мамасабиров өзү катышып, катышуучуларга кайрылуу жасап, мындай иш-чаралардын маанисин белгилеп өттү. Ал өз сөзүндө бул спорттук мелдештин максаты – медреселер ортосундагы достук мамилени чыңдоо, ынтымакты бекемдөө жана жаштарды дени сак жашоого тартуу экенин баса белгиледи.

Мелдештин жүрүшүндө кичи футбол, аркан тартыш жана кол күрөш сыяктуу спорт түрлөрү боюнча таймаштар уюштурулду. Ар бир команда оюн талаасында жигердүүлүгүн көрсөтүп, ынтымактуу оюн өткөрүүгө аракет кылды. Мелдештердин таза жана тартиптүү өтүшүн Баткен облустук казысынын орун басары Муса ажы Жолдошов, Кадамжай районунун баш имам-хатиби Абдимуталиб Усманов жана медресе өкүлдөрү көзөмөлдөштү.

Мелдеш соңунда жеңүүчү болгон командалар кызыктыруучу сыйлыктар, дипломдор жана Ардак грамоталар менен сыйланышты. 

Салтка айланып бараткан бул саамалык кийинки жолу Сүлүктү шаарында улантылмакчы. Спорттук эстафетаны өткөрүү укугу “Мухаммед” медресесине ыйгарылды.

Бул сыяктуу иш-чаралар жаштар арасында биримдикти бекемдеп, алардын физикалык жана руханий жактан өнүгүшүнө өбөлгө түзмөкчү.