Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
“Сараңдык тозок дарактарынан бир дарак. Анын шактары дүнүйөгө ийилип турат. Ким ошол шактарынан бир шакчаны алган болсо, ошол шак аны тозокко алып барат”. Байхаки
Чаткал районундагы бардык имамдар жайкы мезгилге ылайыкташкан бирдиктүү формага өтүштү. Бул демилге районунун баш имам-хатиби Кубанычбек ажы Токонов тарабынан көтөрүлүп, аны ишке ашырууга “Калем” кайрымдуулук фонду демөөрчүлүк кылды.
Жаңы форма бардык имамдарга ыңгайлуу шарт түзүп, алардын тышкы келбетиндеги тартиптүүлүктү камсыздайт. Мындан ары имамдар диний ырасымдарга жана расмий иш-чараларга ушул бирдиктүү формада катыша башташат.
Бул иш-чара Чаткал районундагы дин кызматкерлеринин уюшкандыгын жана бирдиктүү иш алып баруусун арттыруу максатын көздөөрүн казыяттан билдиришти.