Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

“Сен жетимге каарданба! 
Ал эми тилемчиге орой мамиле кылба!”
                                    (Духа сүрөсү, 9-10)
Регионы | 28.04.2025
  • |

Чоң-Алайда дин кызматкерлери тарабынан көчөт отургузуу акциясы өткөрүлдү

Ош облусуна караштуу Чоң-Алай районунун баш имам-хатиби Алимбек ажы Маматаминов Жекенди айыл өкмөтүндөгү "Кара-Кыргыз автономдуу облусуна 100 жыл" атындагы парктын аймагына дин кызматкерлери тарабынан 115 түп көчөт отургузулгандыгын билдирди.

"Президентибиздин "Жашыл Мурас" программасын колдоо жана Ош облусунун казысы Абибилла ажы Кадырбердиевдин тапшырмасы менен облус аймагында жалпы дин кызматкерлери тарабынан көчөт отургузуу акциясы жүрүп жатат. Буга чейин аталган көчөт отургузуу акциясын облустагы башка райондор жогорку деңгээлде өткөрүштү. Ал эми Чоң-Алай районунда аба ырайына карап, эң акырында өткөрүп жатабыз. Учурда Жекенди айыл өкмөтүндөгү "Кара-Кыргыз автономдуу облусуна 100 жыл" атындагы парктын аймагына 115 түп көчөт отургузулду", – деди баш имам-хатиб Алимбек ажы Маматаминов.

Аталган аймактын ландшафты жана климаттык өзгөчөлүгүнө жараша жашылдандыруу үчүн терек отургузулду.