Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

“Эй, момундар! Өзүңөрдү жана үй-бүлөңөрдү отуну 
адамдар менен таштар (болгон) тозоктон сактагыла” 
(Тахрим сүрөсү, 6-аят).
Регионы | 11.06.2025
  • |

Чоң-Алайда ысырапкорчулукка каршы жыйын өткөрүлдү

Ош облустук мусулмандарынын казыяты жана Кыргыз Республикасынын Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин түштүк аймактык бөлүмү Чоң-Алайда көчмө жыйын уюштурду. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндөгү» Жарлыгын, 2024-жылдын 14-октябрындагы «Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча чаралар тууралуу Жарлыгын, “Дин тутуу эркиндеги жана диний бирикмелер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын жана Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин №5-фатвасын элге жеткирүү максатында Чоң-Алай районунун мамлекеттик администрациясынын жыйындар залында өткөрүлдү.

Жыйынга Ош облусунун мусулмандарынын казысы Абибилла ажы Кадырбердиев жана Улуттук агенттиктин Түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Фурхатбек Адилбек уулу катышып, райондогу айыл башчыларга, эл арасындагы кадыр-барктуу ардагерлерге, эл башы-бийлерге, айыл аймактарындагы аялдар комитеттеринин төрайымдарына, дин кызматкерлерине жана мекеме-ишканалардын жетекчилерине маалымат беришти.

Иш-чаранын жүрүшүндө ысырапкорчулукка каршы күрөшүү, маркумду акыркы сапарга узатуудагы ашыкча чыгымдардын алдын алуу, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билүү, экстремисттик топтордун чакырыктарынан оолак болуу, башаламан диний объектилердин курулушуна жол бербөө, коомчулукка динди сабаттуу түшүндүрүү аркылуу тарбиялоо маселелери кеңири талкууланды.

Чоң-Алай районунун баш имам-хатиби Алимбек ажы Маматаминов мындай жыйындардын эл арасында түшүндүрүү иштерине чоң таасир берерин белгилеп, мындан ары да райондогу дин кызматкерлери түшүндүрүү иштерин улантарын белгиледи.

Жыйындын соңунда катышуучулар сунуш-пикирлерин билдирип, суроолоруна жооп алышты жана жыйын маанилүү болгонун айтып ыраазычылык билдиришти.