Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
“Эй, момундар! Өзүңөрдү жана үй-бүлөңөрдү отуну адамдар менен таштар (болгон) тозоктон сактагыла” (Тахрим сүрөсү, 6-аят).
Бишкек шаарындагы 1-май РИИБдин 10-бөлүмүнүн өкүлдөрү менен райондогу имам жана устаздар, коопсуздук маселеси боюнча кичи жыйын өткөрүштү.
Иш-чарада райондун баш имам-хатиби Рысбай ажы Ахунбаев баштаган райондогу жума окулчу мечиттин имамдары бөлүмдүн өкүлдөрү менен акыркы күндөрдө коомчулуктун арасында терс көрүнүштөгү маселелер жана мечитке каттаган элдин коопсуздугу тууралуу суроо-жооп, пикир алмашуу уюштурушту.
Бөлүмдүн өкүлдөрү элдин арасындагы туура эмес пикирдеги жамааттар менен ар кандай түшүнбөстүктөрдүн алдын алууда имамдар менен жапа тырмак болуп иштешүү менен гана натыйжа болорун белгилешти.
Учурда Бишкек шаарынын ар бир жума окулуучу мечиттеринде жума хутбаларында жана кечки таравих намаздарында элдин ынтымагы, элдин коопсуздуугу, илимсиздиктин зыяны жана адашуу экендигин эскерткен баяндамалар жасалууда.