Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
“Сен жетимге каарданба! Ал эми тилемчиге орой мамиле кылба!” (Духа сүрөсү, 9-10)
Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун баш имам-хатиби Дастан ажы Мамаев райондук администрация менен макулдашып, «Имамдар багы» үчүн атайын жер ажыратылып, ага райондогу жалпы имамдар тарабынан 400 даана көчөт отургузулду.
«Көчөт отургузулган жер тилкеси, жар боюнда болуп, жар улам жылып жол тарапка келе жаткандыктан, ал жерге көчөт отургузуу пландалган экен. Буйруса дин кызматкерлери тарабынан отургузулган көчөттөр жер көчкүнү токтотууда жардам берет деп ишенебиз. Ошондой эле жакынкы күндөрү ал жерге тосмо тартууну да пландап жатабыз. Жергиликтүү бийлик тарабынан көчөт отургузулган жерге тосмо орнотуу үчүн колдоо болорун билдиришти. Азыркы учурда 200 түп алма, 200 түп өрүк көчөттөрү отургузулду. Буйруса өсүп өнүгүүсүн кудайдан тилейбиз», – деди баш имам-хатиб Дастан ажы Мамаев.
Аталган көчөт отургузуу акциясы Ош облустук казыятынын тапшырмасы менен райондордо жүргүзүлүп, буга чейин Кара-Суу, Араван жана Алай райондорунда болуп өттү.