Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
“Сараңдык тозок дарактарынан бир дарак. Анын шактары дүнүйөгө ийилип турат. Ким ошол шактарынан бир шакчаны алган болсо, ошол шак аны тозокко алып барат”. Байхаки
Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы диний окуу жайлардын студенттери арасында спорттун футбол түрү боюнча мелдеш өткөрүлүп, ага 9 ДОЖдон командалар катышты.
Аталган спорттук мелдеш квартал сайын кезек-кезеги менен өткөрүлүп, бул жолкусунда "Ак-Өргө" диний окуу борбору тарабынан уюштурулду.
Мелдештин жыйынтыгында төмөнкү командалар жеңүүчү деп табылды:
1- орун – "Имам Мухаммад" медресеси;
2-орун – "Имам Матуридий" медресеси;
3-орун – "Абу Ханифа" медресеси.
"Медресе жаштары илим алуу менен бирге ден соолукка кам көрүү жана башка диний окуу жайлардын студенттери менен достук мамилени бекемдөө максатында кезек-кезеги менен спорттук мелдештер өткөрүлүп келүүдө. Буга чейин Кара-Суу районундагы диний окуу жайлар арасында спорттук мелдешти "Имам Мухаммад" медресеси өткөргөн болчу. Бул жолкусунда "Ак-Өргө" диний окуу борбору өткөрүп жатат. Буйруса облустук деңгээлдеги спорттук мелдеш өткөрүлүп, андан мыкты командалар тандап алып, финалдык турду өткөрүү казыяттын жылдык иш-планында каралган", – деди облус казысынын орун басары Абдималик ажы Турсунбеков.