Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
“Сараңдык тозок дарактарынан бир дарак. Анын шактары дүнүйөгө ийилип турат. Ким ошол шактарынан бир шакчаны алган болсо, ошол шак аны тозокко алып барат”. Байхаки
Баткен облусунун Лейлек районундагы жалпы айыл өкмөттөрдүн жооптуу имамдарына ноутбуктар жана принтерлер тапшырылды. Бул саамалык Лейлек районунун баш имам-хатиби Кубатбек ажы Абдыгапар уулунун демилгеси менен уюштурулду.
Техникалык жабдыктар диний уюмдардын административдик иштерин, маалымат алмашууларды, тапшырмаларды ыкчам аткарууну жана ишмердүүлүктү жакшыртууну камсыз кылууда чоң роль ойнойт. Мындан сырткары, бул демилге Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы, облустук казыят жана райондук хатибият тарабынан берилген тапшырмалардын так аткарылышына жардам берет. Ошону менен катар эле муфтияттын «е-doc» электрондук программасына өтүүгө даярдыктын бир бөлүгү болуп саналат
«Бул жакшы саамалыкты уюштурууга салым кошкон жана колдоо көрсөткөн бардык жарандарга терең ыраазычылык билдиребиз. Имамдарыбыздын ишин жеңилдетүү максатында мындай аракеттер мындан ары да улантылат», — деди Лейлек районунун баш имам-хатиби Кубатбек ажы Абдыгапар уулу.
Жалпы 9 жооптуу имам заманбап техникалык каражаттар менен камсыздалып, бул кадам аркылуу Лейлек районундагы дин кызматкерлерин материалдык-техникалык жактан колдоо жаатындагы маанилүү демилгелердин бири болуп калды.