Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
«(Оо, Мухаммед!) Аларга: «Билгендер менен билбегендер тең боло алабы?», – деп айт. Чындыгында, акыл ээлери гана (Курандан) насаат алат». Зумар сүрөсү, 39/9
Үстүбүздөгү жылдын 10-май күнү Манас районуна караштуу Бала-Саруу айылында Манас райондук хатибияты тарабынан облустук деңгээлдеги диний кызматкерлердин арасында футбол турнири өткөрүлдү. Иш-чарага ардактуу мейман катары Талас облусунун казысы Сулумбек ажы Узеналиев, Манас районунун акими Эрмекбай Омошев жана жергиликтүү жетекчилер чакырылып, иш-чарага өз колдоолорун көрсөтүштү.
Иш-чаранын негизги максаты – диний кызматкерлердин ортосундагы ынтымакты, достукту бекемдөө жана ден соолукту чыңдоого өбөлгө түзүү болду. Турнирге жалпы алты команда катышып, спорттук чеберчилигин жана командалык духун көрсөтүштү.
Командалар:
1. Талас облустук казыятынын командасы
2. Талас райондук хатибияты
3. Бакай-Ата райондук хатибияты
4. Айтматов райондук хатибияты
5. Манас райондук хатибияты
6. Медреселердин жетекчилери
Мелдеш жогорку деңгээлде уюштурулуп, күйөрмандардын колдоосу менен курч мүнөздө өттү. Ар бир команда жеңиш үчүн күрөшүп, спорттук маданиятын жогорку деңгээлде көрсөтүштү. Турнирдин соңунда алдыңкы орундар аныкталып, жеңүүчүлөргө баалуу сыйлыктар жана грамоталар ыйгарылды.