Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
“Сен жетимге каарданба! Ал эми тилемчиге орой мамиле кылба!” (Духа сүрөсү, 9-10)
Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда кайрымдуулук максатында 60 аз камсыз болгон үй-бүлөгө азык-түлүк түрүндөгү жардам берилди. Иш-чара Ноокен райондук хатибиятынын демилгеси менен өткөрүлүп, райондун аймагындагы жеке ишкерлердин колдоосу аркылуу уюштурулду.
Бул кайрымдуулук акциясы ар ай сайын туруктуу түрдө өткөрүлүп, муктаж үй-бүлөлөргө көмөк көрсөтүү максатын көздөйт.
Ноокен районунун баш имам-хатиби Тынчтыкбек ажы Шаиков иш-чаранын жүрүшүндө кайрымдуулукка өз салымын кошкон ишкерлерге ыраазычылык билдирип, жакшылык кылуунун сооптуу экенин баса белгиледи.
«Кайрымдуулук – коомду биримдикке жетелеген чоң күч. Жардам көрсөтүү – бир эле муктаждарга эмес, өзүбүзгө да береке алып келген амал. Ишкерлердин бул колдоосу жүздөгөн адамдардын жүрөгүнө жылуулук тартуулады», – деди баш имам.
Жардам алган үй-бүлөлөр камкордук үчүн терең ыраазычылыгын билдирип, мындай иш-чаралар уланып турушун каалап өтүштү.