Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

“Сен жетимге каарданба! 
Ал эми тилемчиге орой мамиле кылба!”
                                    (Духа сүрөсү, 9-10)
Регионы | 22.04.2025
  • |

Орто Азия айылында Куран жарышы өтүп, жаш карыларга дем берилди

Сузак районунун баш имам-хатибинин тапшырмасына ылайык, Кызыл-Туу айыл өкмөтүнө караштуу Орто Азия айылындагы Эрик атындагы мечитте Куран жарышы болуп өттү. Бул иш-чара айылдын имамы Кыяз Жакыповдун, жаштардын жана тургундардын колдоосу менен уюштурулуп, жарыштын жалпы байгеси 163 миң сом түздү.

Куран жарышы үч этап менен өткөрүлдү:

    1.    «Муаллим Санини» бүткөндөр жана дуба жаттагандар;

    2.    Бир пара жаттагандар;

    3.    Эки пара жаттагандар.

Жеңүүчүлөргө баалуу сыйлыктар тапшырылып, биринчи орунду багындыргандарга үч велосипед ыйгарылды. Ал эми 2-, 3-, 4- жана 5-орунду ээлегендерге грамоталар жана акчалай сыйлыктар, ошондой эле катышкан бардык каарылар да көңүл сыртында калбай, акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Иш-чарага Сузак районунун баш имам-хатиби өзү катышып, уюштуруучуларга, демөөрчүлөргө, айыл жаштарына жана калыстык кылган каарыларга ыраазычылык билдирип, дуба кылды. 

Имам-хатиб иш-чарада сүйлөп жатып, мындан кийинки мусабакалар азанды туура жана уккулуктуу айтууга арналары пландалып жатканын жана мындай иш-чаралар бардык мечиттерде уюштуруларын белгиледи. 

Жергиликтүү тургундар бул жарыш – айылдагы диний билимге болгон кызыгуунун өсүшүнө өбөлгө болуп, жаш муундун Куранга болгон урматын арттырган маанилүү кадам болгонун баса белгилешти.