Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
“Сен жетимге каарданба! Ал эми тилемчиге орой мамиле кылба!” (Духа сүрөсү, 9-10)
Бүгүн, 12-апрелде Ош шаарындагы «Сулайман-Тоо» музей комплексинде Кыргыз Республикасынын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын демилгеси менен конфессиялар жана этностор аралык кеңеш тарабынан көчөт отургузуу иш-чарасы өткөрүлдү. Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү, Ош шаардык мэриясы, Ош шаары жана Ош облусундагы конфессиялар аралык кеңеш, ошондой эле Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги Программалык кеңсесинин өнөктөштүгү менен уюштурулду.
Иш-чара 2021–2026-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясынын иш-чаралар планын ишке ашыруу алкагында өткөрүлүп, анын негизги максаты – конфессиялар аралык ынтымакты жана диалогду чыңдоо, шаардык инфраструктураны жакшыртуу, айлана-чөйрөнү жашылдандыруу жана коомчулуктун дин жаатындагы маалымдуулугун жогорулатуу болду.
Иш-чарага мамлекеттик кызматкерлер, ар кыл этностор менен диний уюмдардын өкүлдөрү жана диний окуу жайлардын окутуучулары катышып, «Сулайман-Тоо» музей комплексинин аймагында 100дөн ашык көчөт отургузулду.
Белгилей кетсек, Ош шаарында түзүлгөн конфессиялар жана этностор аралык кеңеш учурда ар кандай диний уюмдардын жана этностордун өкүлдөрүн бириктирип, конфессиялар аралык диалогду өнүктүрүү, диндерге урматтоо менен мамиле кылуу, толеранттуулук жана сабырдуулук принциптерин жайылтуу, ошондой эле радикалдашуунун алдын алуу максатында жыл сайын ушул сыяктуу иш-чараларды өткөрүп келет.