Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

“Сен жетимге каарданба! 
Ал эми тилемчиге орой мамиле кылба!”
                                    (Духа сүрөсү, 9-10)
Регионы | 22.04.2025
  • |

Ош шаарында ЖКККББ кызматкерлери менен биргеликте иш алып баруу боюнча макулдашуулар болду

Бүгүн, 22-апрель күнү Ош шаардык мусулмандарынын казыятында жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлеринин катышуусунда жыйын болуп, алдыда биргеликте иш алып баруу иш-пландарын талкуулашты. 
Иш-чарага Ош шаардык мусулмандарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушов, КР ИИМнин ЖКККББнын кадр бөлүм башчысы милициянын полковниги Эрк Таджиев,  казыят кызматкерлери жана жооптуу имамдар катышты.
Жыйын жүрүшүндө жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкери жол эрежелерин так билүү бардык айдоочулардын негизги милдети экенин баса белгилеп, дин кызматкерлеринен жол белгилери боюнча кыскача сурамжылоо иштерин жүргүздү.
Ал эми Ош шаарынын мусулмандар казысы Мирланбек ажы Токтомушов дин кызматкерлери жума баяндарында жол коопсуздугу боюнча үзгүлтүксүз баяндарды шарият эрежелерине ылайыктуу кылып айтып келерин баса белгиледи.
Белигилей кетсек, алдыда КМБД жана ЖКККББ тарабынан дин кызматкерлери үчүн атайын конкурс жарыяланган. Муфтияттын тапшырмасына ылайык, конкурска казыят баштаган бардык кызматкерлери катышууга милдеттендирилген.