Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
“Сараңдык тозок дарактарынан бир дарак. Анын шактары дүнүйөгө ийилип турат. Ким ошол шактарынан бир шакчаны алган болсо, ошол шак аны тозокко алып барат”. Байхаки
Бүгүн, 15-март күнү КМДБ жана Ош шардык мэриясынын тапшырмасына ылайык мечит, медресе жана диний окуу жайларда чоң масштабтагы ишембилик өткөрүлдү.
Ишембиликке шаар казысы Мирланбек ажы Токтомушов баш болгон казыяттын эмгек жамааты жана дин кызматкерлери активдүү катышып, шаардын жашылдандыруу жана тазалоо иштерине салым кошушту. Мечит имамдары өздөрүнүн жамааттары менен биргеликте мечиттин айланасында тазалоо иштерин жүргүзүштү.
Ош шаардык мусулмандарынын казысы Мирланбек ажы Токтомушов шаардагы экологияны сактоо бардык шаардыктардын милдети экенин баса белгилеп, дин кызматкерлерин бул багытта активдүү иш алып барууга чакырды.
«Биздин максатыбыз – шаарыбыздын экологиялык абалын жакшыртуу жана коомдогу биримдикти бекемдөө. Ишембилик аркылуу биз дин кызматкерлери жаратылышты коргоо жана тазалыкты сактоо боюнча коомчулукка үлгү көрсөтүүбүз зарыл», – деди шаар казысы.