Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

“Сараңдык тозок дарактарынан бир дарак. Анын шактары дүнүйөгө ийилип турат. 
Ким ошол шактарынан бир шакчаны алган болсо, ошол шак аны тозокко алып барат”. 
Байхаки
Регионы | 12.06.2025
  • |

Ошто аскерлерге багытталган иш-чара өтүп, Мекенди коргоонун пазилеттери боюнча лекция окулду

Бүгүн, 12-июнь күнү Ош шаарындагы  Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Түштүк-Батыш оперативдик командачылыгында “Аскер кызматкерлеринин арасында мыйзам бузууларды алдын алуу, аскер кызматкерлеринин ортосундагы уставдык мамилелер, үй-бүлөлүк зомбулукту болтурбоо жана аскер кызматкерлеринин коомдогу орду” аттуу темаларда илимий-профилактикалык иш-чара уюштурулду.

Иш-чарага Ош шаардык мусулмандарынын казысы Самидин кары Атабаев, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Фурхатбек Адилбек уулу, Ош гарнизондук аскер пракратурасынын өкүлү, КР УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча Башкы башкармалыгынын өкүлү жана Ош ШИИБнын Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн өкүлү, «Сулайман-Тоо» мечитинин имамы Убайдулло ажы Сарыбаев жана мекен сакчылары катышты. 

Жолугушуу учурунда шаар казысы аскерлерге ыймандуулук, Мекенге болгон сүйүү, адилеттүүлүк жана сабырдуулук тууралуу баяндамасын жасады. Ал Мекенди коргоо – эң сооптуу жана сыймыктуу иш экенин баса белгилеп, аскерлердин эл үчүн кылып жаткан кызматы Аллахтын ыраазылыгына жеткирчү амал экенин эскертип өттү. 

Ал эми Улуттук агенттиктин түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Фурхатбек Адилбек уулу жаңы кабыл алынган мыйзам жана диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясат боюнча маалымат берди. Ошондой эле экстремизм жана терроризмдин алдын алуу, алардын коомго тийгизген кесепеттери боюнча айтып, коомдогу болуп жаткан терс көрүнүштөргө бөгөт коюу зарылдыгына токтолду. 

Жыйын соңунда Самидин кары Атабаев аскерлерге ак батасын берип, эл-жердин тынчтыгын, мамлекеттин бүтүндүгүн тиледи.

Бул жолугушуу мекен сакчыларынын руханий дүйнөсүн байытып, дем берүү максат кылынды.