Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
“Сен жетимге каарданба! Ал эми тилемчиге орой мамиле кылба!” (Духа сүрөсү, 9-10)
Ош облусунун аймагындагы диний окуу жайлардын студенттери арасында спорттук мелдеш өткөрүлүп, ага 14 диний окуу жайдын студенттери катышты.
Мелдештин жыйынтыгында 14 диний окуу жайлардын арасынан алдыңкы орунга ээ болгондор аныкталып, сыйлыктар тапшырылды.
Спорттун футбол түрү боюнча:
1-орун – "Борбаш" медресеси
2-орун – "Кожоке" медресеси
3-орун – "Умму Мухаммад" медресеси
Спорттун волейбол түрү боюнча:
1-орун – "Молдо Таабалды ажы" медресеси
2-орун – "Апиза эне" ислам институту
3-орун – "Абу Бакр Сыддык" медресеси
Айта кетсек, аталган достук мелдеши Ош облустук казыятынын демилгеси менен башталып, кезек-кезеги менен медреселер тарабынан уюштурулуп келет. Буга чейинкиси Ноокат районундагы "Молдо Таабалды ажы" медресеси тарабынан уюштурулган болсо, бул жолкусунда "Борбаш" медресеси тарабынан уюштурулду. Ошондой эле, бул арада райондук деңгээлде Кара-Суу району боюнча да өткөрүлгөн.