Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

“Сен жетимге каарданба! 
Ал эми тилемчиге орой мамиле кылба!”
                                    (Духа сүрөсү, 9-10)
Регионы | 22.04.2025
  • |

Сузактык жаштар муктаж аялга үй салып беришүүдө

Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун Күмүш-Азиз айылында жашаган жалгыз бой энеге турак жайынын авариялык абалга келгендигине байланыштуу айыл жаштары жардам колун сунуп, жаңы үй куруп беришүүдө.

Бул кайрымдуулук демилгесин угуп, Сузак районунун баш имам-хатиби Жунус ажы Исмаилов жерине барып, жаштарга моралдык колдоо көрсөттү. Ал ыйык Курандагы "Жакшылыкта жарышкыла" деген аятты эскертип, демилгечилердин аракетин жогору баалап, аларга ийгилик каалады. Ошондой эле, муктаж аялга 5000 сом өлчөмүндө акчалай жардам көрсөттү.

Имам-хатиб бул иш-аракет айыл ичиндеги ынтымактын жана ыймандуулуктун ачык далили экенин белгилеп, мындай кайрымдуулук демилгеси коомдогу тилектештик менен боорукерликтин жаркын мисалы экенин кошумчалады. Ал ошондой эле Сузак райондук хатибияты бул сыяктуу иштерге керектүү жардам көрсөтүүгө ар дайым даяр экенин билдирди.

Иш-чаранын соңунда Жунус ажы үй ээсине, курулуш иштерине көмөк көрсөткөн усталарга жана демөөрчүлөргө бата-дуба кылды.