Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

“Сен жетимге каарданба! 
Ал эми тилемчиге орой мамиле кылба!”
                                    (Духа сүрөсү, 9-10)
Регионы | 16.04.2025
  • |

Таласта “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндөгү” мыйзамы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө

Талас облусунун Манас жана Айтматов районундарында “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндөгү” мыйзамы жана КМДБнын №5 фатва боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Манас районунун администрациясынын жыйындар залында Талас облусунун мусулмандарынын казысы Сулумбек ажы Узеналиев, Манас районунун акиминин орун басары Азия Батырбекова, ДИМКнын Талас облусундагы өкүлү Темирлан Нурадилов, Манас районунун баш имам-хатиби Миржалал ажы Дадабаев, укук коргоо органдары жана имамдар, ошондой эле коомдук активисттер катышкан жыйын болуп өттү. Бул иш-чарада “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндөгү” мыйзамы, ошондой эле Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын №5 фатвасы тууралуу кеңири маалымат берилди.

Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндөгү” мыйзамдын негизги жоболору, диний оъбекттерди каттоо тартиби, алардын укуктары жана милдеттери тууралуу маалымат беришти. Ошондой эле, №5 фатванын мазмуну, коомдук турмушка тийгизген таасири боюнча түшүндүрмөлөр айтылды.

Облус казысы Сулумбек ажы Узеналиев өз сөзүндө имамдар коомчулук менен иш алып барууда фатваларды туура түшүндүрүүгө, диний ишмердүүлүктү жүргүзүү жана мамлекеттик органдар менен тыгыз кызматташууга чакырды.

Иш-чаранын соңунда катышуучулар тарабынан суроо-жооп түрүндө пикир алмашуу уюштурулуп, ар кандай маселелер боюнча сунуштар ортого салынды. Ушул эле жыйын түштөн кийин Айтматов районунда улантылып жыйынтыкталды. Бул сыяктуу жолугушуулар облустун башка райондорунда да уланары белгиленди.