Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
“Сен жетимге каарданба! Ал эми тилемчиге орой мамиле кылба!” (Духа сүрөсү, 9-10)
Ош облусуна караштуу Араван районунун баш имам-хатиби Умарали ажы Муратов райондук билим берүү бөлүмү жана Укук коргоо органдары менен биргеликте мектеп окуучулары менен жолугушууларды өткөрүп, экстремизм жана терроризмдин алдын алуу, ата-энени сыйлоо, илим алуунун артыкчылыгы жана башка тарбиялык маанидеги баяндамаларын жасады.
"Укук коргоо органдары жана райондук билим берүү бөлүмү менен биргеликте мектеп окуучулары менен жолугушууларды өткөрүп, экстремизм жана терроризмдин алдын алуу боюнча туура эмес агымдарга азгырылып кетпөө жөнүндө маалымат берип, жаш кезинде илим алуу керектигин, мектепте жакшы окуп, бир кесиптин мыкты адиси болууга багыт алса, өлкө үчүн да, өзү үчүн да пайдалуу болорун эскертип айттык. Жаштардын таалим-тарбиясына көңүл буруу баарыбыздын милдетибиз", – деди баш имам-хатиб Умарали ажы Муратов.
Айта кетсек, бир айдын ичинде 10дон ашуун мектеп окуучулары менен жолугушуулар өткөрүлүп, жогоруда аталган тарбиялык маанидеги темалар боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.