Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

“Сен жетимге каарданба! 
Ал эми тилемчиге орой мамиле кылба!”
                                    (Духа сүрөсү, 9-10)
Регионы | 25.04.2025
  • |

Ысык-Көл казыятынын жамааты Бишкек шаардык казыятын зыярат кылышты

Бүгүн, 25-апрель күнү Ысык-Көл облусунун казыятынын кызматкерлери жана облустун район-шаарларындагы бардык баш имам-хатибдер Бишкек шаардык казыятын зыярат кылышты. Зыяратты Ысык-Көл облусунун казысы Самидин кары Атабаев жетектеп, Бишкек шаарынын казысы Шакир ажы Маматов жана анын жамааты менен жолугушуулар өттү.

Зыярат учурунда делегация Бишкек шаардык казыятынын күнүмдүк ишмердүүлүгү менен таанышып, казыяттын административдик кеңселерин жана инфраструктурасын көрүп чыгышты. Андан соң борбор калаадагы салынып жаткан жана иштеп жаткан мечиттерге барышып, курулуштардын жүрүшү жана мечиттеги диний иштер менен жакындан таанышышты. Ошондой эле Бишкек шаарындагы медреселерге да зыярат жасалып, Самидин кары медресе окуучуларына кыскача насаат сабагын өтүп, жаштарга туура жол жана адеп-ахлак тууралуу баалуу кеңештерин беришти.

Мындай зыярат эки тараптуу ынак мамилени, ынтымакты жана тажрыйба алмашууну күчөтүүгө багытталды. Бишкек шаардык казыяты зыяратчыларды жылуу тосуп алып, ынтымактын жана меймандостуктун белгиси катары белектерди тапшырышты. Жолугушууда биргелешип иш алып баруу, кадрдык даярдык, диний сабаттуулук, медреселер ортосундагы байланыш жана эл арасында түшүндүрүү иштерин өркүндөтүү маселелери талкууланды.

Бул жолугушуу эки тарап үчүн тең пайдалуу болуп, аймактар аралык кызматташууну жана мусулмандардын биримдигин бекемдөөгө чоң салым кошту.