Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
“Сараңдык тозок дарактарынан бир дарак. Анын шактары дүнүйөгө ийилип турат. Ким ошол шактарынан бир шакчаны алган болсо, ошол шак аны тозокко алып барат”. Байхаки
Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда казыят, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын (ДИМК) өкүлчүлүгү жана Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы (ОИИБ) менен биргеликте район имамдары үчүн жыйын өткөрүлдү.
Жыйында Президенттин №54 жарлыгы жана Муфтияттын №5 фатвасы тууралуу маалымат берилип, аларды элге туура жеткирүү боюнча түшүндүрмө иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле суициддин, зордук-зомбулуктун, экстремизм менен терроризмдин алдын алуу маселелери талкууланды.
Иш-чарага ДИМКнын Ысык-Көл облусундагы өкүлү Асылбек Мамбетов, ИИМдин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын башчысы, милициянын полковниги Нурлан Килебаев, жана Ысык-Көл районунун баш имам-хатиби Максат ажы Сейталиев катышты.
Жыйындын соңунда имамдар суроолорун берип, талкуу кызуу жүрдү.