Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

“Сараңдык тозок дарактарынан бир дарак. Анын шактары дүнүйөгө ийилип турат. 
Ким ошол шактарынан бир шакчаны алган болсо, ошол шак аны тозокко алып барат”. 
Байхаки
Регионы | 27.05.2025
  • |

Өзгөн райондук хатибияты жаш өспүрүмдөр ортосунда китеп окуу конкурсун өткөрдү

Өзгөн райондук хатибияты Өзгөн Өзгөн шаардык билим берүү бөлүмү менен макулдашуу аркылуу Амир Темур атындагы №5 орто мектеби жана В. И. Ленин атындагы орто мектебинин окуучуларынын ортосунда «Бир өлкөнүн өнүгүү тарыхы» (Г.Петров), «Алхимик» (Пауло Коэльо), «Өгөй эне» (А.Л.Казанчы) аттуу китептердин негизинде конкурс өткөрдү. 

Кызуу өткөн китеп окуу конкурсу В.И.Ленин атындагы орто мектепте жыйынтыкталып, жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү.

Сыйлоо аземине Өзгөн районунун баш имам-хатиби Үсөн Маматтурсун уулу, Өзгөн шаардык мэриясынан Азизбек Ташматов, Өзгөн ШББдан Гулимхан Алиева жана шаардын жооптуу имамы Мухаммадайюб Хоринов катышты. 

Райондун баш имам-хатиби Үсөн Маматтурсун уулу жалпы жеңүүчүлөрдү куттуктап, алгачкы буйругу «Оку!» менен башталган динибизде китеп жогорку мааниге ээ экендигин айтып, бардык чоң ийгиликке жеткендер көп китеп окугандар экендигин баса белгилеп, жаш окуучуларды китеп окууга чакырып, китеп зээндин азыгы экендигин айтты. 

Конкурска жалпысынан 220 окуучу катышып, аларга уюштуруучулар тарабынан китептер белекке берилди.