Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
«(Оо, Мухаммед!) Аларга: «Билгендер менен билбегендер тең боло алабы?», – деп айт. Чындыгында, акыл ээлери гана (Курандан) насаат алат». Зумар сүрөсү, 39/9
Ош облусуна караштуу Өзгөн районунун Мырзаке айыл өкмөтүндөгү "Абдираим кары" медресесинде Мырзаке, Жазы, Салам-Алик жана Кара-Шоро айыл өкмөттөрүндөгү жаш өспүрүмдөр арасында Куран жарышы өткөрүлүп, ага 100дөн ашуун улан-кыздар катышты.
Балдар арасында өткөрүлгөн Куран жарышында Кара-Шоро айыл өкмөтүндөгү Ак-Жар айылынан келген Муслим Жумабеков 1-орунга ээ болсо, кыздар арасында өткөрүлгөн Куран жарышында Мырзаке айыл өкмөтүнөн Сара Абдимусаева 1-орунга ээ болду.
Демөөрчүлөр тарабынан 1-2-3-орун алгандарга Ардак грамота менен акчалай сыйлыктар, калган катышуучуларга кызыктыруучу белектер тапшырылды.
Аталган иш-чарага Өзгөн районунун баш имам-хатиби Үсөн Маматтурсун уулу да катышып, жаштарга акыл-насааттарын айтып, демөөрчүлөргө жана уюштуруучуларга ыраазычылык билдирди.
"Жаштарыбыздын жүрүм-турум, адеп-ахлагы жакшы болсо, эртеңки келечегибиз үчүн өзүбүзгө пайда. Ошол себептен, жаштарга руханий жагын байытуу максатында дин илимин үйрөтүп, Куран жарышын уюштургандарга жана ага демөөрчүлүк кылган Темирбаев Алмазбек агабызга ыраазычылык билдиребиз", – деди баш имам-хатиб Үсөн Маматтурсун уулу.