Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
“Сен жетимге каарданба! Ал эми тилемчиге орой мамиле кылба!” (Духа сүрөсү, 9-10)
Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы Нематулла ажы Жээнбековдун тапшырмасына ылайык, Аксы, Ала-Бука жана Чаткал райондорундагы айрым мечиттерде санитардык абал жана коопсуздук чаралары боюнча текшерүү иштери жүргүзүлдү. Бул иш-чараны облус казысынын орун басары Арпидин ажы Жороев жетектеп, диний жайлардын тазалыгы, шарттары жана иш кагаздарынын КМДБ тарабынан коюлган талаптарга жооп берүү жагы каралды.
Текшерүүнүн негизги максаты – жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу, өрт жана электр коопсуздугунун алдын алуу, ошондой эле мечиттерде жарандар үчүн ибадат кылууга ыңгайлуу жана таза шарттарды түзүп берүү болуп саналат. Арпидин ажы Жороев мечиттердин ички жана сырткы тазалыгы, имараттардын техникалык абалы, өзгөчө кырдаалдарга каршы даярдык абалы да өзгөчө көңүл буруучу маселелер экенин белгиледи.
Зыяраттын жүрүшүндө Чаткал районунун Шакафтар айылындагы “Токтосун ажы” мечитинде айрым көйгөйлөр аныкталып, бул маселе комиссиянын көңүлүн бурду. Ошондой эле Аксы районундагы “Келечек муун” балдар медресесинде да мониторинг жүргүзүлүп, бир катар кемчиликтер катталды. Анын негизинде атайын комиссия жеринде акт түзүп, жооптуу кызматкерлерге эскертүүлөр берилди.
Казыяттын мечиттер боюнча адиси Канатбек Мусурманкулов текшерүү иштери мындан ары да улантыларын билдирип, бул аракеттер мечиттердин ишмердүүлүгүн жакшыртуу жана коомчулуктун диний жайларда өзүн коопсуз сезүүсүн камсыз кылуу максатын көздөөрүн белгиледи.