Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
“Сен жетимге каарданба! Ал эми тилемчиге орой мамиле кылба!” (Духа сүрөсү, 9-10)
Жалал-Абад шаардык хатибияты алгачкылардан болуп, облус казыяты тарабынан дин кызматкерлери үчүн атайын даярдалган колдонмо китепчени шаардагы имамдарга таркатты. Колдонмодо 2025-жылдын 21-январында кабыл алынган Кыргыз Республикасынын “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” жаңы мыйзамы камтылган.
Шаардын баш имам-хатиби Мелисбек ажы Тургунбаев китепчени тапшырып жатып дин кызматкерлерине мындай деди:
«Бул китепче – бүгүн алып, эртең текчеге коюп коюучу эмгек эмес. Бул колдонмо аркылуу биз ишибизге дагы да жоопкерчиликтүү мамиле кылууга үйрөнөбүз. Анткени мында бизге тиешелүү мыйзамдардын негизги жоболору камтылган. Ошондуктан бул колдонмону күн сайын окуп, таанышып турушубуз керек. Билимсиздиктен кеткен каталарга жол бербөө үчүн мыйзамды жакшылап өздөштүрөлү».
Эске салсак, Кыргызстандагы жаңы диний мыйзамдарды дин кызматкерлерине жеткирүү максатында Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча Улуттук агенттик жана Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казыяты биргелешип облустун бардык аймактарында окуу сабактарын өткөрүп келет. Облус казысы Нематулла ажы Жээнбековдун тапшырмасы менен имамдар үчүн атайын колдонмо китеп даярдоо чечими кабыл алынган. Бул ирет Жалал-Абад шаардык хатибиятына 100 даана колдонмо китепче берилди. Алдыда мындай колдонмолор облус аймагындагы бардык район жана шаар имамдарына да таратылары пландалууда.