Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

“Сараңдык тозок дарактарынан бир дарак. Анын шактары дүнүйөгө ийилип турат. 
Ким ошол шактарынан бир шакчаны алган болсо, ошол шак аны тозокко алып барат”. 
Байхаки
Регионы | 16.05.2025
  • |

Жалал-Абаддагы «Аалым Мусулманкул ажы» мечитинин айланасы асфальтталып, салтанаттуу ачылышка даярдалууда

Жалал-Абад облусунун борборундагы Ч. Айтматов көчөсүнүн №19/1 дарегинде жайгашкан «Аалым Мусулманкул ажы» мечити жамаат үчүн ыңгайлуу жана таза шарттар менен камсыздалууда. Бул тууралуу казыяттан маалымдашты. Жакында эле мечиттин алдына 1,5 миң чарчы метр жерге асфальт төшөлүп, айлана-тегереги заманбап талаптарга ылайык иретке келтирилген.

Бул иш-аракеттер облус казысы Нематулла ажы Жээнбековдун демилгеси жана колдоосу менен жүзөгө ашып, каржылык жагы толугу менен демөөрчүлөр тарабынан камсыздалды. Асфальт төшөө иштери аяктагандан кийин, облус казысы Нематулла ажы Жээнбеков куруучулар менен жолугушуп, жол куруунун сооптуулугу тууралуу кыскача баян кылды. Өз сөзүндө ал: «Жол салуу – элге жеңилдик жаратуу, жамааттын жолун оңдоо — эң сооптуу иштердин бири. Бул дүйнөдө да, акыретте да кайтарымдуу болот», — деп белгиледи.

Ошондой эле, бул ишке салым кошкон бардык куруучуларга жана демөөрчүлөргө ак дилден ыраазычылык билдирип, бата берип, иштерине ийгилик, үй-бүлөлөрүнө тынчтык жана береке каалады.
Аталган мечиттин салтанаттуу ачылыш аземи жакынкы күндөрдө өткөрүлмөкчү. Бул окуя — шаардын гана эмес, жалпы облус мусулмандарынын руханий турмушунда өзгөчө мааниге ээ.