Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
«(Оо, Мухаммед!) Аларга: «Билгендер менен билбегендер тең боло алабы?», – деп айт. Чындыгында, акыл ээлери гана (Курандан) насаат алат». Зумар сүрөсү, 39/9
Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Ак-Терек айылында облустук ички иштер башкармалыгы менен биргеликте окуучулар, мугалимдер жана ата-энелер үчүн түшүндүрүү сабагы өткөрүлдү.
Иш-чарада суицид, зордук-зомбулук, экстремизм, терроризм жана туура тарбия берүү боюнча кеңири маалымат берилди. Саамалыкта Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын Ысык-Көл облусундагы өкүлү Асылбек Мамбетов, ИИМдин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын башчысы, милициянын полковниги Нурлан Килебаев жана Ысык-Көл облусунун казысы Самидин кары Атабаев лекция окушту.
Жыйындын соңунда катышуучулар өздөрүнүн пикирлерин билдирип, иш-чаранын пайдалуу болгонун белгилешти.