Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.

“Сен жетимге каарданба! 
Ал эми тилемчиге орой мамиле кылба!”
                                    (Духа сүрөсү, 9-10)
Образование | 24.04.2025
  • |

Диний билим берүүнү жакшыртуу алкагында «Имам Сарахси» медресесинде жолугушуу өттү

Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы жана Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар кеңеши менен биргеликте жүргүзүлүп жаткан диний билим берүү системасын жакшыртуу иш-планына ылайык, аалымдар тобу ордо калаадагы «Имам Сарахси» медресесин зыярат кылышты.

Аалымдар зыярат алкагында студенттерге багытталган жыйын өткөрүп, бет маңдай форматта пикир алышты. Иш-чарага КМДБнын диний билим берүү бөлүмүнүн башчысы Хамидулла ажы Садиллаев, Аалымдар Кеңешинин мүчөлөрү Жеңишбек ажы Курбанов, Мирзат ажы Барпыбеков, Эмилбек Андартегин, медресе жетекчилиги жана студенттер катышты.

Саамалыктын жүрүшүндө АК мүчөлөрү салттуу ислам дүйнө таанымы (ханафилик-матуридилик), ислам тасаввуфу, илимдин пазилеттери, адеп-ахлак принциптери боюнча лекция окуса, Садиллаев муфтияттын тутумундагы диний окуу жайлары, диний билим берүүнүн жаңы багыттары жана өзгөчөлүктөрү боюнча учкай маалымат берди.

Жолугушуунун 2-бөлүгүндө мекеменин билим берүү жараяны, окуу программасы, китепканасы, жатаканасы, жалпы эле материалдык-техникалык базасы көздөн өткөрүлдү.

Айта кетсек, диний чөйрөдө жаңы кабыл алынган “Дин тутуу эркиндиги жана диний бирикмелер жөнүндө” мыйзамын түшүндүрүү, Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закировдун коомдо ислам маданиятын өркүндөтүү иш-мерчеминин алкагындагы диний билим берүүнү жакшыртуу пункттун аткарууга алуу жана КМАКтын №1 протоколдук тапшырмасынын алкагында ДОЖдордо жолугушуулар өтүп жатат. Мындай саамалык башка диний окуу жайларда дагы улантылып, жалпы ДОЖдордун студенттерине жана мугалимдерине түшүндүрүү иш-чаралары пландуу түрдө жүргүзүлөрүн мекеменин окуу бөлүмү билдирди.