Чтобы просмотреть информацию на нашем старом сайте нажмите сюда.
“Эй, момундар! Өзүңөрдү жана үй-бүлөңөрдү отуну адамдар менен таштар (болгон) тозоктон сактагыла” (Тахрим сүрөсү, 6-аят).
Бүгүн, 10-июнь күнү Кыргызстан Ислам университетинде 2024-2025-окуу жылынын бүтүрүүчүлөрүн узатуу аземи болуп өттү.
Аземге Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров, муфтийдин 1-орун басары Самаган ажы Мырзаибраимов, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин экспертиза жана диний уюмдар менен кызматташуу бөлүмүнүн башчыс Айбек Иминов жана ардактуу-кадырман аксакал устаздар, бүтүрүүчүлөрдүн ата-энелери, Кыргызстан Ислам университетинин жалпы эмгек жамааты катышты.
Иш-чаранын алкагында Азирети Муфтий сөзгө чыгып, жалпы бүтүрүүчүлөрдү куттуктады. Ошондой эле Кыргызстан Ислам Университетинин окуу иштери боюнча проректору Матраимов Абдуваси Нусурович Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закировго жана Айбек Иминовго Ардак грамота жана окуу жайды чагылдырган статуэтка тапшырды.
Окуу жайды аяктаган студенттердин саны:
Шарият кафедрасы: 29 бала, 46 кыз
Теология кафедрасы: 17 бала, 36 кыз
Филология кафедрасы: 30 кыз