Бүгүн, 12-сентябрда Ош шаардык казыятынын борбордук “Имам аль-Бухарий-Алай” мечитинин имам хатиби Мырза кары Осмонов №4 С.М. Киров атындагы мектеп гимназиясында адеп-ахлак туурасында түшүндүрүү иштерин жүргүздү.
Аталган иш-чарада алгач окуучулардын жүрөгүн жибиткен “Энеке” аттуу видеоролик менен башталды. Андан соң ата-энени сыйлоо, илимге болгон кызыгуу, жакшы адеп-ахлак туурасында тарбиялык саат өтүлдү.
Лекциянын аягында суроо-жооп форматында уланып, мыкты суроо берген окуучуларга китептер берилди.