Эски сайтыбыздагы маалыматтарга көз салуу үчүн басыңыз.

“Ким өч алууга кудирети жете туруп ачуусун басса, Алла Таала 
анын жүрөгүн ыйман менен тынчтыкка толтуруп коёт”. Абу Дауд
Жаңылыктар
Коом | 11.07.2025

Жалал-Абадда дин кызматкерлерине берилген автоунаалар каралып, жол барагы тапшырылды
Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын алдындагы Борбордук текшерүү комиссиясынын төрагасы Бакыт ажы Нурдинов баштаган атайын комиссия Жалал-Абад облусундагы кызматтык автоунаалардын абалын текшерип, жаңы жол барактарын (путевой лист) тапшырды.  Борбордук комиссиянын төрагасы: “Айрым автоунаалардын жүргөн пробегин көрүп таң калдык. Бул аманат! Аманатка бекем болгула. Өзүңөрдөн башкалар айдабасын, башка жакка чыксаңар казыга сөзсүз билдиргиле. Бул жолу эскертүү берип жатабыз. Бирок кийинки алты айда кемчиликтер кайрадан кайталанса, автоунаалар артка чакыртылат. Бул коркутуу эмес, талап!”, – деп эскертти. Облус казысы Нематулла ажы Жээнбеков да дин кызматкерлерине кайрылып, төмөнкүдөй эскертүү берди: “Бул унаалар Президенттин жана Азирети Муфтийдин колдоосу. Ошондуктан аларды жеке кызыкчылык үчүн эмес, диндин кызматы үчүн гана колдонгула. Аяр мамиле жасаңыздар, аманатка кыянаттык кылбаңыздар. Бул текшерүү – аймактагы дин кызматкерлеринин жоопкерчилигин жогорулатууга жана кызматтык мүлккө болгон көз карашты өзгөртүүгө багытталган демилге. Аманат – бул ишеним. Ишенимди актоо ар бир имамдын парзы”. Айта кетсек, Жалал-Абад облусуна жалпы 9 кызматтык автоунаа берилген. Анын 8 и райондордун баш имам-хатибдерине, 1 и казыга ыйгарылган болчу.

Муфтий

Абдулазиз кары Закиров

ЗАКИРОВ АБДУЛАЗИЗ НАЗИРБЕКОВИЧ

Абдулазиз кары Закиров 1979-жылдын 29-апрелинде Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Жети-Кошкон айылында туулган. Ал аталган айылдагы С. Нурдавлетов атындагы №24 орто мектебинде билим алган.

Билими: жогорку

1993-1998-ж.ж: Түркия мамлекетинин Стамбул шаарындагы хафыздык Куран курсунда окуган;

2009-2015-ж.ж: Бишкек шаарындагы «Расул Акрам» ислам институтунда илим алган;

2015-2018-ж.ж: Укук-Бизнес жана билим берүү академиясынын юриспруденция адистиги боюнча бүтүрүүчү.

Эмгек жолу жана ишмердүүлүгү:

2002-2005-ж.ж: Аламүдүн районундагы Көк-Жар айылындагы «Абу Бакр ас-Сыддык» медресесинин мүдүрү, «Абу Бакр» мечитинин имам-хатибинин орун басары;

2005-2008-ж.ж: Аламүдүн районунун баш имам-хатиби;

2008-2011-ж.ж: Чүй облусунун мусулмандарынын казысынын 1-орун басары;

2011-2013-ж.ж: Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун баш имам-хатиби;

2012-ж. Кыргызстан мусулмандарынын Уламалар Кеңешинин мүчөсү (азыркы Аалымдар Кеңеши);

2013-2021-ж.ж: Жалал-Абад облусунун мусулмандарынын казысы;

2021-жылдан бери Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунун баш имам-хатиби болуп эмгектенип келген.

Сыйлыктары: 2005-ж. «Абдулла ибн Аббас» медресесинде өткөн Куран конкурсунун жеңүүчүсү;

2015-ж. КМДБнын Азирети Муфтийинин Алкыш баракчасы;

2017-ж. «Аймак» облустук коомдук-саясий гезитинин редакциясы тарабынан жылдын мыктысы наминациясы ыйгарылган;

2021-ж. Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийинен «Ардактуу Казы» алкыш баракчасы ыйгарылган. Мындан сырткары бир нече Ыраазычылык каттардын жана Алкыш баракчалардын ээси.

Араб жана түрк тилдеринде эркин сүйлөйт.

Үй-бүлөлүү; үч уул, бир кыздын атасы.

Фатва
Макалалар
динге байланыштуу суроолор үчүн
+996550557775
call-центр
халал маселеси боюнча
+996557001525
МЕДИА