«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Орошон молдо Осмонали максым 1908-жылы Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Кенжекул айылында эшен-калпанын үй-бүлөсүндө туулган. Атасы Нурмухаммад максым өз мезгилинин беделдүү диний аалымы жана тарыйкат эшени болгону боюнча маалыматтар бар. Анын атасы Эгемжар максым да накшибандия тарыйкатынын эшен-калпаларынан болгону айтылып жүрөт.
Олуя Осмонали максым кичинекей кезинде эле атасынын колунда окуп, ислам илимдерин өздөштүргөн. Кийин атасынын молдо-кожо досторунан да дарс алып, диний билимин тереңдеткен. Эрезеге жеткенде үйлөнүп, Кенжекулда атасынын ордунда туруп калат. Мында Ражаба аттуу кызга баш кошуп, 8 перзенттүү болгон. Аббас максымдан башкалары эрте эле чарчап калышкан. Аббас максым ата-бабасынын жолун улантып, Кенжекулда көп жылдар бою имамдык кызматты аркалаган.
Кийин Осмонали максымды Алай районунун Мурдаш айылынын аксакалдары элетке эшенчилик (молдочулук) кылышын суранып, көчүрүп келишет. Өз кезегинде атеисттик режимден куугунтук көрүп, кодуланып, азып-тозуп жүргөн Осмонали максым кубанып, Алайга сапар тартат. Бул жерге келгенде мурдаштык Мөймөл аттуу кызга баш кошуп, өмүрү өткөнчө ушул айылда динге, элге, журтка кызмат кылган. Өмүрүн динге, эл-журтка арнаган Осмонали максым 1993-жылдын 7-май айында 85 жашында акыретке сапар тарткан.
Осмоналини алайлыктар урматтап «Максым ата» деп аташкан. Табы айнып, саламаттыгы начарлаган тоолуктар ага келип дем салдырып, куландан соо айыгып кетип турушкан. Өзгөчө психологиялык жактан жабыркагандар, жин даарып, жөөлүгөндөр а кишинин колунан шыпаа табышкан (албетте Алланын берекеси менен!). Осмоналинин олуялык жайы да белгилүү болуп, бул боюнча азыркы күнгө чейин эл арасында уламыштар (манкиба) айтылып келет.
Максым жубайы Мөймөл экөө 3 уул, 4 кызды татыктуу тарбиялап, эрезеге жеткирген. Уулдарынын ичинен экөө ата жолун жолдоп, диний багытты тандашкан. Чоң уулу Асатилла максым Бухарага барып, «Мир Араб» медресесинде дин илимин алып, үлкөн диний кызматтарды аткарган. Айталы, Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн имам-хатиби, Ош шаарындагы «Имам Бухарий – Алай» мечитинин имам-хатиби, Кара-Суу районунун башкы имам-хатиби, Ош облусунун мусулмандарынын казысы жана Кыргызстан мусулмандарынын Аалымдар Кеңешинин мүчөсү сыяктуу кызматтарды аркалаган.
Ал эми кенже уулу Азизилла максым Алайдагы ардактуу дин кызматкерлеринин бири. Атасынын колунан диний сабатын ачкан ал Мурдаш айылында 30 жылдан бери имамдыкты жана Жибек-Жолу айыл өкмөтүнүн жооптуу имамы кызматын аркалап келет.
Үгүт-насаат бөлүмү