«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Муфтият | 22.11.2025
  • |

ДИНИЙ ИНТЕЛЛИГЕНЦИЯНЫН ЧОЛПОН ЖЫЛДЫЗЫ КИМСАНБАЙ АЖЫНЫ ЭСКЕРҮҮ

Бүгүн, 22-ноябрь күнү эгемен Кыргызстандын тарыхындагы эң алдыңкы аалымдардын бири, кыргыз диний интеллигенциясынын эң жаркын өкүлү, Орто Азияга аттын кашкасындай таанылган аалым, мурдагы Азирети Муфтий Кимсанбай ажы Абдурахманов дүйнөдөн өткөн күн. Эгерде ал арабызда болгондо 85 ке толмок. Албетте, Жараткандын жазмышы ушундай жазылган экен, Алланын тагдырына баш иймек шарт. Ал жазган тагдырга каршы чыгып, каяша айтмак кайда?

Кимсанбай ажы Абдурахманов 1940-жылдын 10-июлунда азыркы Өзбекстандын Фергана облусундагы (Кыргызстандын Баткен шаарынан 15 чакырым алыстыктагы) Жанабад айылында жергиликтүү кыргыз үй-бүлөсүндө жарык дүйнөгө келген.

1957-жылы орто мектепти аяктап, 1959-жылы Өзбекстандын Бухара шаарындагы «Мир-и Араб» ислам медресесине окууга тапшырган. Бирок 1962-жылы  аскердик кызматка чакырылып, Советтик Армиянын катарында өлкөнүн Ыраакы Чыгышындагы деңиз флотунда кызмат кылган. 1966-жылга чейин уланган кызматында капитандыкка чейин көтөрүлгөн. 

Элестетип жатасызбы, деңизден эң алыскы өлкөлөрдө эрезеге жеткен медресе студенти деңиз флотунда кызмат өтөп, аскердик чин менен кайтып жатат. Бул эмне деген феномен?! 

Кимсанбай ажы аскерден кайткандан кийин «Мир-и Араб» медресесиндеги окуусун улантып, аны 1971-жылы артыкчылык менен аяктаган.

1971-жылы Ташкенттеги Борбордук Азия жана Казакстан мусулмандарынын Дин башкармалыгында «Советтик Чыгыштын мусулмандары» журналынын редакциясында адабий кызматкер болуу менен эмгек жолун баштаган. Бул жердеги кызматы 1976-жылга чейин уланган. 

1976-жылы ал Иорданиянын борбору Амман шаарындагы Иордан мамлекеттик университетинин шарият факультетине окууга тапшырып, 1980-жылы аны да артыкчылык менен аяктап, Иорданиянын падышасынын колунан Ислам шариятынын адиси деген дипломду алган. Мына, бул жерде Кимсанбай ажынын дагы бир өзгөчөлүгү жарк этип көрүнүүдө! Ала-Тоодон Амманга аттанып, падышанын колунан кызыл диплом алуу эмне деген жетишкендик?! Мына ушунун баары Кимсанбай ажынын зээндүүлүгү, билимге башын сайганы, кумурскадай эмгекчилдигинин артында, анан албетте Алланын колдоосу менен болуп жатпайбы!

1980-жылы «Советтик чыгыштын мусулмандары» журналынын редакциясында журналдын араб тили жана өзбек варианттарынын редактору болуп 1982-жылга чейин эмгектенген. Байкадыңызбы, ал араб жана өзбек тилдери боюнча редакторлук деңгээлге жеткен! Ушул жерден Кимсанбай ажынын полиглоттугу – көп тил билгендиги айкын болууда.  Ал кыргыз, өзбек, орус жана араб тилдеринде академиялык деңгээлде билген! Эгер билбесе, Орто Азиядагы эң алдыңкы диний журналга редактор болмок беле?! 

Кимсанбай ажы 1982-жылы Бухарадагы айтылуу «Мир-и Араб» ислам медресесинин директору болуп дайындалат. Мынаке, СССРдеги эң приориттеттүү исламий окуу жайга жетекчи болуп, медресени 4 жыл башкарат деген эмне деген кеп?! «Чыгыш Оксфорду» аталган Борбор Азиядагы эң алдыңкы тарыхый медресеге мүдүрлүк кылуу ар кимдин эле колунан келе бербестир?! Болбосо бир тууган өзбек элинде аалымдар жок беле. Бир эле бир тууган өзбек элинде гана эмес, боордош казак, тектеш түрк, коңшулаш тажик, канатташ уйгур, кавказ элдеринде директор болор азаматтар жок беле?! Албетте, толтура болгон. Ахли сүннөттүн чордону болгон Мавраннахрда кантип жүздөгөн талапкер чыкпасын? Мына ошолордун катарынан суурулуп чыгып, ар кайсы этностогу жалпы устаздардын башын бириктирип, 1986-жылган чейин үзүрлүү иштейт биздин Кимсанбай ажы. Азыркы күнгө чейин медресенин фойесинде сүрөтү бакыйып илинип турат.

Кимсанбай ажы 1987-1989-жылдары Борбордук Азия жана Казакстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын фатва бөлүмүндө эмгектенген. Мынаке, залкар аалымдын чалкар илими! Бүтүндөй Түркистан (б.а. Орто Азия) боюнча эң алдыңкы аалымдар гана фатвада иштей аларын эсепке алсак, анда ошолордун бири – Кимсанбай ажы болгон!
Ошентип тагдыр жаңы тапшырмаларды жүктөй турган кез келди. Келгенде да тез келди. Анын Ташкенттеги ишмердүүлүгү соңуна чыгып, «кайдасың туулган жерим» деп, «айланып сага келдим» деп, Ата Журтка кайтат. 1990-жылдын мартында Кыргызстан мусулмандарынын казыятынын төрагасы – казысы болуп дайындалат. Кимсанбай ажы 1992-жылдын сентябрына чейин бул кызматты жооптуулук менен аткарат. 

Атеисттик режим кулап, доорлор кесилишкен кезеңде мезгилдин киндигин кесүү кайра эле Кимсанбай ажыга жүктөлдү. Ага тагдыр Кыргызстан мусулмандарынын акыркы казысы жана туңгуч муфтийи болуу шыбагасын буйруйт. 1992-жылдын август айынын аягында Кыргызстан мусулмандарынын I Курултайы болуп, эгемендүү Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы түзүлүп, анын төрагасы – Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи болуп Кимсанбай ажы Абдурахманов дайындалат. Бу саам эгемен элдин эң алгачкы муфтийи болуу деген ары жооптуу, ары сооптуу кызмат насип болот.

Бул айтканга оңой, бирок аткарууга өтө оор иш эле. Муфтият деген институтту түптөө оңой ишпи анан?! 

Кимсанбай ажы 1990-жылдын сентябрында Бишкек шаарында Кыргызстандагы туңгуч ислам медресесин ачкан. Бул медресени 1993-жылы ислам инситутуна айландырып, окуу программаларын да жогорку деңгээлге көтөрүп, ага «Азрети Умар» атын берген. Ушул эле жылы Кимсанбай ажынын демилгеси менен Кыргызстандын региондорунда да ислам медреселери ачылып, иштей баштаган.

1991-жылы Кимсанбай ажы баш болгон 450 зыяратчы биринчи жолу Кыргызстандан Саудия Аравияга ажылыкка аттанган. Ушул эле жылы экс-муфтий Кимсанбай ажынын демилгеси менен даргин этносундагылар жашаган айылда ислам медресеси жана Курани Каримди жаттоо ишин багыттаган карылар медресеси ачылып, иштей баштаган. 

Кимсанбай ажы инвестиция тартууга бар мүмкүнчүлүгүн, зор потенциалын жумшап, Бириккен Араб Эмираттарындагы белгилүү шейхтердин бири менен сүйлөшүп, Бишкек шаарында жаңы стилдеги борбордук мечитин курууга жардам сурайт. Ошентип 1995-жылдын октябрь айында борбордук мечит салынып бүткөрүлгөн. Азыркы күндөрдө да ал мечит борбордук мечит катары шаар тургундарына жана конокторуна кызмат кылып келет. Көзү өткөн соң дал ушул мечитке өзүнүн ысымы ыйгарылган. 

1994-жылы Азирети Муфтий Кимсанбай ажынын аракети менен Сауд Аравиядагы Ислам банкы борбордук мечиттин жанындагы чоң имаратты сатып берген.

1996-жылы Кимсанбай ажы Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгын жана «Азрети Умар» ислам институтун учурдагы Гоголь, 57 дарегиндеги имаратка көчүргөн. Азыркы мезгилде дал ушул имаратта Кыргызстан Ислам университети бар.

Азирети Муфтий Кимсанбай ажынын аракети астында 1990-жылга чейинки Кыргызстанда 39 гана болгон мечиттин саны миңден ашкан. «Азирети Умар» ислам институтунда Мисирден келген араб мугалимдер араб тилинен сабак бере баштаган.

Кимсанбай ажы 4 жылдык жемиштүү жана жеңиштүү кызматтан кийин, тагыраагы 1996-жылдын декабрында Кыргызстандын Муфтийи кызматынан бошогон. 

2000-жылдан 2003-жылдын сентябрына чейин Кимсанбай ажы экинчи жолу Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи болуп кызмат өтөгөн. Тагдырдын Кимсанбай ажыга сунган мүмкүнчүлүгүн караңыз, эгемен Кыргызстандын тарыхында 2 жолу муфтий болуп шайлануу бактысы кайра эле ушул кишиге берилген! Мурдагы Кыргызстан мусулмандарынын казысы кызматын эске алсак, 3 жолу муфтий болгон дегенге толук негиз болуп берет. Ал гана турсун, Кимсанбай ажынын илимин, адебин, менеджерлигин баалаган инсандар кийин да аны муфтий кылууга катуу аракет кылган. Анын Ала-Тоодой кадыр-баркын мындан билиңиз, кечээги 2010-жылдарга чейин деле аны муфтий катары көргүсү келген жарандар арбын болгон. Ар убак «Кимсанбай ажы муфтий болсо экен» деген сөздөр айтылып, аны алга сүрөгөндөрдүн катары суюлган эмес. Тескерисинче, улам калыңдап турган. Эл жүрөгүнөн орун алуу дегени болсо-болсо ушул го!

Жогоруда Кимсанбай ажынын окуусундагы, ишмердүүлүгүндөгү жана жетекчилигиндеги өзгөчлүктөр гана айтылып жатты. Энди бул кишинин адамдык бийиктиги, момундук асылдыгы жөнүндө кеп учугун уламакчыбыз.

«Жетекчиликке сиз гана татыктуусуз, Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи болуп бериңиз» деген сунуштарды дайыма четке кагып турган. Ал тургай аны колдоп, «муфтийлик сиздин акыңыз, сиз гана татыктуусуз» деп дуулдаган жоон топ тарапташтарын токтотуп, сабырга чакырып, ар кандай ыктымал козголоңдорду басып турган. Ар убак «диний чөйрөгө шек кетпесин, фитна болбосун» деп жалпы мусулмандардын кызыкчылыгын жогору коюп, өзүнүн бийик адамгерчилигин, улук адебин көрсөткөн. Бүгүнкү күндөрдө «мен жетекчи боло калайын» деп түн уйкусу качкандар, ар кимге сөз салып, жең ичинен иш туткандар, креслону адамгерчиликтен өйдө койгондор кайда да, «фитна болбосун»сдеп кызматты дайыма четке каккан Кимсанбай ажы кайда?!

Кимсанбай ажы муфтийликтен кеткен соң дегеле кызматка тырышпаптыр. Ала-Тоодой кадырын ортого салбаптыр. Креслого жулунбаптыр. Ар кимге сөз салдырбаптыр. Өмүрүнүн соңуна чейин катардагы мечиттерде эле имамдыкты аркалаптыр. Мына сага, улуулук! Мына сага, бийиктик! 

Муфтийликтен кеткен соң бир топ убакыт жумушсуз да калып кетиптир кайран киши.  2004-жылы гана Бишкек шаарындагы «Махмуд Кашкарий» мечитинде имам-хатиб болуптур. 2007-жылга чейин бул жерде иштеген ал 2008-жылдын апрелинен баштап Бишкек шаарындагы жаңы курулган «Мусакан төрө» мечитинде имам-хатиб болуп үзүрлүү кызмат өтөптүр.

Алла Таала адамзат пендесине белгилүү өмүр насип кылат эмеспи. Айтайын дегенибиз, аткан таңдын батмагы бар. Аманат жандын кайтмагы бар. Ажал келгенде тагдырга баш иймек бар. 

Мына ошентип динге арналган өмүр да соңуна чыгып, жашоо китебинин мукабасы жабылды...

Орто Азияда салмагы бар орошон аалым, ардактуу диний ишмер, Кыргызстандын туңгуч Азирети Муфтийи Кимсанбай ажы Абдурахманов 2022-жылдын 22-ноябрында дүйнө салды. Аны акыркы сапарга узатууга ондогон мамлекеттик ишмерлер, жүздөгөн шакирттери, миңдеген санаалаштары, он миңдеген замандаштары келип, көз жашын тыя албай турушту. Бул да болсо аалымдын кадыры, исламдын даңкы эмеспи!

Кыргызстан мусулмандарынын туңгуч муфтийи, маркум Кимсанбай ажы Абдурахмановдун жаркын элеси эл жүрөгүндө сакталып кала берет. Анын өрнөктүү өмүрү кийинки муундардагы диниятчыларга ар убак үлгү болуп, диний интеллигенциянын локомотиви катары тарыхта калмакчы.

Кыргыздын залкар аалымы Кимсанбай ажы атанын рухуна фатихалар, мүлктөр, ясиндер болсун. Оомийн. 

 

✍🏻 Иманбек Азизилла уулу, публицист