«Ким адал жол менен эмгектенсе, биз анын ишин берекелүү кылабыз» (Нахл сүрөсү, 97-аят)
2026-жылдын 26-октябрында Азирети Муфтийдин Ош облусундагы өкүлү Султанали ажы Гапуровдун жетекчилигинде КМДБнын Ош облустук өкүлчүлүгүнүн эмгек жамааты КР ИИМдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери менен биргеликте Ош–Сары-Таш–Эркечтам автожолундагы Кара-Тай постунун аймагында «Адам жаны – аманат» аталышындагы иш-чара өткөрдү.
Ош–Сары-Таш–Эркечтам автожолу эл аралык жүк ташуу жана коңшу мамлекеттер менен соода-экономикалык байланыштарды камсыз кылууда маанилүү орунду ээлегендиктен, бул каттам аркылуу өткөн жергиликтүү жана чет өлкөлүк айдоочулар арасында жол коопсуздугун сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Иш-чаранын жүрүшүндө, өзгөчө Кытай Эл Республикасынан келген жүк ташуучу унаалардын айдоочуларына жол кыймылынын коопсуздугун сактоого чакырган кытай тилине которулган буклеттер таратылып, суусундуктар берилди.
Ошондой эле айдоочуларга жол эрежелерин так сактоо, ылдамдыкты ашырбоо, кырсыктардын алдын алуу жана ислам дининде адам өмүрүнүн баалуулугу, сабырдуулук менен өз ара сый-урматтын мааниси тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Айта кетсек, «Адам жаны – аманат» саамалыгы Муфтияттын автордук акцияларынан жана КР ИИМдин ЖКККББсы менен биргеликте ырааттуу иш-чаралар өткөрүлүп келет.