«Таразада кооз кулк-мүнөздөн оор нерсе жок» (Абу Дауд)
Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгы тарабынан Жалал-Абад облусундагы диний окуу жайлардын мугалимдери үчүн атайын IT окуу курсу башталды.
Окуунун ачылыш аземине КМДБнын диний билим берүү бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов катышып, иш-чараны салтанаттуу түрдө ачып берди. Ал өз сөзүндө заманбап технологияларды өздөштүрүү жана аларды диний билим берүүдө туура колдонуунун маанилүү экенин белгиледи.
Окутуунун максаты – медресе мугалимдеринин санариптик сабаттуулугун жогорулатуу жана окуу процессинде IT мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдаланууга шарт түзүү.
Бул саамалык Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закировдун дин кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу тапшырмасынын алкагында өткөрүлүүдө.