«Ким адал жол менен эмгектенсе, биз анын ишин берекелүү кылабыз» (Нахл сүрөсү, 97-аят)
Коом | 23.10.2026
  • |

КР ИИМдин Академиясынын курсанттары менен жолугушуу өткөрүлдү

2026-жылдын 20-октябрында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Академиясынын кызматкерлерине жана курсант-студенттерине экстремизм жана радикализмдин алдын алуу боюнча лекция өткөрүлдү.

Иш-чарада КР ДИЭМУАнын бөлүм башчысы Нургазы Кыргызбаев  экстремизм жана радикализм боюнча маалымат берсе, КМДБнын үгүт-насаат бөлүмүнүн башчысы Эрик ажы Молдокулов Мекенди сүйүү жана элге кызмат кылуунун пазилеттери боюнча лекция окуду.

«Алла Таала бизге бейиштей кооз Мекенди насип кылды. Демек, ушул Мекенге татыктуу кызмат кылып, Алланын ыраазычылыгын издөө динибиздин көрсөтмөлөрүнөн. Ата-бабалардан аманат калган Ала-Тоону көздүн карегиндей сактап, урпактарга мураска калтырууну Алла Таала бизге насип кылсын», – деди ал өз сөзүндө. 

Эрик ажы лекциясынын алкагында аша чабуунун кесепеттери жана динди туура булактардан алуунун зарылдыгына токтолду.