«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Муфтият | 17.09.2026
  • |

АНЖИЯНДАГЫ МЕДРЕСЕГЕ ЧАКЫРЫЛГАН АСАН КАРЫ

Молдо Асан кары 1889-жылы азыркы Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Зулпиев айыл аймагынын Жатан айылында туулган. Атасы Иса аксакал да өз заманынын алдыңкы илим-билимдүү инсандарынан болгон. Ал өз перзенттеринин бардыгынын кат сабатын ачкан. Иса аксакал аялы Шербет эне менен өмүр бою ынтымактуу жашап, 5 уул, бир кыздуу болушкан. Уулдары Тажибай, Эрмат, Пирмат, Асан жана Кимсанбай. Бардыгы жана жалгыз кызы Аккыз да илим-билимдүү болушкан.

Асан кары беш уулдун төртүнчүсү болгон. Иса аксакалдын уулдарынын ичинен Асаны өтө зирек, дилгир чыккандыктан, ата-энеси өз ара макулдашып, 1901-жылы Маргалаң шаарындагы медресеге окууга жөнөтүшөт. Ал жерде Ноокаттын Кыргыз-Ата айылынан барган Төлөн аттуу жигит менен бирге окуган. Бул медреседе эки жигит 1910-жылга чейин окуп, устаздарынан Куран, фикх, акыйда, сира, араб тили жана хадис илиминен жат алышканы айтылат. 

Алар Маргалаң шаарында медреседе окуп жүрүшкөндө күнү-түнү билим алыш үчүн көп аракеттерин кылышкан. Бул эки дос Куранды жат кылууда түрдүү ыкмаларды колдонушкан. Мисалы түнү уктап калбайлы дешип, дубалды минип алып Куранды жат кылышканы аңыз болуп айтылат. Себеби уктап кетсе дубалдан оонап, калбоо үчүн ушундай кылышкан тура. 

Асан кары 1910-жылы Маргалаң шаарындагы медресени бүтүп, туулуп-өскөн айылына келери менен анын урук-туугандары, эли-журту жана дос-жарлары жылуу тосуп алат. Кийинчерээк Асан карынын атасы-энеси өз ара макулдашып, Маргалаңдагы илимин улантуусу үчүн Бухара шаарындагы «Мир-Араб» медресесине окуу үчүн жөнөп кетет. Бул окуу жайда окуп жүрүп, 30 пара Куранды жат кылып бүтүп, «Мураттаб хафиз», «Кары» деген наамга ээ болгон. Ошентип бул окуу жайды 1915-жылы ийгиликтүү бүтүрүп келет. 

Ошол убакта баргыдан чыккан Ажибек бий Асан карыны өзүнө чакырып, айылына имам болуп иштеп берүүнү суранат. Ал бул кызматта бир жылдай иштейт. Андан кийин ал Анжиян шаарындагы медресеге иштеп берүүгө чакырык алат. Бул чакырыкты кабыл кылып, ал шаарда иштөө үчүн жөнөп кетет. Айтууда бул медреседе иштеген мударристердин үчөөсү ноокаттыктар болгон. Алар Асан карыдан мурда барып иштеп жатышкан. Алар; көк-жарлык молдо Абдижамил дамла жана Көк-Жарга жакын жердеги Ноорке деген айылдык молдо Акмат дамла болгон.

1918-жылы Анижиянда Совет бийлиги орногондо бул медресе убактылуу жабылып калат. Асан карыны анжияндыктар үйүнө жибербей шаардагы чоң мечитке баш имам кылып шайлап алышат. Ал бул шаарда бир гана имамчылык кылбастан, калың элдин ичинен көптөгөн жаштардын сабатын ачып, устаздык кылган. Асан кары 1922-жылы 33 жашында Анжиян вилаетине караштуу Мархамат районундагы «Бостон» айылындагы Саркабай деген кишинин Урниса деген кызына үйлөнөт. Асан кары менен Урниса эне Эргеш Максым, Сапа, Дария, Суксур, Айдын деген перзенттүү болушат. Анын Суксур аттуу кызы Темирали деген кыргыз-аталык ыйманга бай жигитке турмушка чыккан. Бул үй-бүлөдөн Өсөрбай, Тайлакбай деген перзенттер чыгып, Ноокатта көп жылдар бою жетекчи кызматтарда иштешкен.

Асан кары үй-бүлөсү менен бул шаарда 8 жылдай жашап, 1930-жылы Совет бийлиги молдолорду куугунтуктоону баштаганда, алар ал жерден өз айылына көчүп келишет. Асан кары илим-билимдүү жана бай адам болгон. Районду колхоздоштуруу башталганда ал киши 1200 коюн, 200 жылкысын колхозго тапшырып, колхоздун чыныгы мүчөсү болот. Ал илимдүү болгондуктан, райондун жетекчилиги аны «Кыр-Кол» айылдык кеңешинин төрагасы кылып шайлашат. Ал бул кызматта2 жылдай иштегенде Совет бийлиги Ноокатта да молдолорду куугунтуктоону баштайт. Мына ушундан кийин ал бул жерден качып, Өзбекстандын Мархамат районунда убактылуу жашап калат.

Асан кары Өзбекстанда жашап турганда жана өз элинде көптөгөн «Мураттап хафиз» карыларды чыгарган. Алардын бири, Кара-Сөгөт айылынан чыккан Эрмек кары болгон. Асан кары кокусунан 1941-жылы бөтөн жерде катуу ооруп калгандыктан, өз айылына аргасыздан көчүп келип, ушул жылы эле каза болгон.

Дагы айта турган нерсе, Асан кары өтө илимдүү болгондуктан, ал араб, фарсы тилдерин жогорку деңгээлде билген. Ошондуктан анын колунда бир канча араб, фарсы жана түркий тилдердеги китептери болгон. Совет бийлиги аны аңдый баштаганда «эң баалуу байлыгым – ушул китептерим, байлыгым динсиздердин колуна түшүп калбасын» деп, китептерди каптарга салып өз уулдарына көтөртүп, түнү менен айылынын артындагы кызыл тоодогу «Кара-Бел» деген үңкүргө алып барып, үңкүрдүн эң төрүндөгү таш текчелерге кабы менен коюп, ыйлап-сыктап, «силер менен кыяматта көрүшөбүз» деп китептери менен кайырлашып кайтканы айтылат. Согуш жана андан кийинки жылдары илим-билимдүү молдолорго режим тарабынан бүткүл өлкөдө, анын ичинде Ноокат жергесинде да мамиле бир аз жумшарган. Ошондон кийин 1949-жылы Асан карынын перзенттери атасы мурун бекиткен «Кара үңкүргө» барышып андагы өтө баалуу китептерди таап, үйлөрүнө алып келишет.

Балдары арадан жыйырма жылдай убакыт өткөнүнө карабастан, ал китептер күнү бүгүнкүдөй тап-таза турганын көрүп абдан таң калышат. Асан карынын туугандары, перзенттери бул китептердин ичинде медицина боюнча Ибн Синанын эмгектери, Күндүн жана Айдын тутулуусу, дегеле астрономия боюнча жазылган китепьер, өтө кооз мечиттерди жана азан айтылуучу бийик мунараларды чиймелери камтылган китептер, Куран, араб, фарсы жана түркий тилдеги көптөгөн китептер бар экендигин көрүшөт. Асан карынын бир тууган чоң агасы Эрмат бай бул табылган китептерди баалап, ар бирин бирден аттын наркында сатып алынганын айтат.

Асан карынын тоодон табылган бул китептерин ошол кездеги Ноокаттын баш имам-хатиби Молдо Таабалды ажы акун, кашкалдактык Молдо Абдилла дамла, кыргыз-аталык Жолдош дамла жана папандык Эрмек карылар болуп, таберик кылып өз ара бөлүп алып кетишкени айтылып жүрөт.

Алла Таала Асан карыга ырчылык өнөрүн да ыраа көргөн экен. Анын «Беш Көкүл», «Зат-Пери», «Батмакан», «Замана» ж.б.у.с. ырлары ушул күнгө чейин эл оозунда айтылып жүрөт.

Алла Таала кары атанын жаткан жайын жаннат кылсын. Оомиин...

Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.


Даярдагандар:
Иманбек Азизилла уулу, КМДБнын үгүт-насаат бөлүмүнүн адиси
Абдинаби ажы Жунусов, диний ишмер, жазуучу