«Силер кайда гана болбогула, Алла (ар дайым) силер менен бирге» (Хадид, 4)
Белдүү кыргыз карыларынын бири Имамали кары Тажибаев 1980-жылдын февралында Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Ак-Арык айылында жарык дүйнөгө келген. Жаш кезинен молдо Кудайкул дамладан алгачкы диний таалимин алган. Ал Арашан гуманитардык институтунун дин таануу факультетинде, Кара-Балта ислам институтунда, ошондой эле «Хазрети Осмон» ислам институтунда окуп, Куран жаттаган.
Андан соң Мисирге сапар тартып, ал жакта дээрлик 20 жылдай Куран илимин алган. Тактап айтканда 20 риваят, 10 кыраат боюнча ижаазат алууга жетишкен.
2021-жылы Мекенине кайтып КИУда билим бере баштаган. Бүгүнкү күндө ал тарбиялаган шакирттери республикалык жана эл аралык Куран жарыштарында ийгиликке жетишүүдө.
2022-жылдан тарта «Билим чырагы» окуу борборунун мүдүрү;
2023-жылдан баштап Бишкек шаарындагы «Хайр-Хижрат» мечитинин имам-хатиби кызматын аркалап келген.
Жараткандын жазмышы экен, карылар арасында Ала-Тоодой орду бар Имамали кары көпчүлүктү убайымга салып, болгону 43 жашында кайтыш болгон. Артында 3 уулу, 1 кызы калды.
Анын жакын санаалаштары «Карыкебиз көп жыл илим алып, илим куржунун толтуруп, эми элиме кызмат кылам деп ниеттенип келди эле, 20 жыл алган илимин 2 жыл бере албай кетти» деп муңканышат.
«Куранды толук жат кылган,
Каарылар баары жактырган.
Кары аке кетти дүйнөдөн,
Кырааттын түрүн батырган.
Көргөндөй тууган-жакынын,
Сүйлөшкөн сыпаа акырын.
Нурдуу кылсын Жараткан,
Кары акенин кабырын.
Тагдыры экен Алланын,
Пайда жок эми кейиштен.
Насип кылса Кудайым,
Жолугалы бейиштен!» – деп курдашы Раимбек Мамасеитовдун жоктогону бар.
Шакирттери, дос-жарлары, туугандары, дегеле кыргыз эли аз өмүрүн Куранга арнаган сүйүктүү карысын – Имамали кары Тажибаевди унутпайт.
Даярдаган: Иманбек Азизилла уулу, КМДБнын үгүт-насаат бөлүмүнүн адиси