«Силердин жакшыраагыңар Куранды өзү үйрөнүп, аны башкаларга үйрөткөндөр» (хадис)
Коом | 28.10.2026
  • |

Азирети Муфтий Абдулазиз кары Закировдун Талас облусуна иш сапары башталды

Бүгүн, 28-октябрда Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров жана Аалымдар Кеңешинин төрагасы Замир кары Ракиев баштаган аалымдардын Талас облусуна болгон иш сапары башталды. 

Иш сапар алгач «Манастын күмбөзүн» зыярат кылуу менен башталып, Куран окулду.

Айта кетсек, бүгүн Талас шаарында «Диним – ислам, өлкөм – Кыргызстан» аттуу КМДБнын масштабдуу руханий-агартуу иш-чарасы өткөрүлөт. Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасы Талантбек Ташибеков башында турган мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу күтүлүүдө.