«Силердин жакшыраагыңар Куранды өзү үйрөнүп, аны башкаларга үйрөткөндөр» (хадис)
Бүгүн, 28-октябрда Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Абдулазиз кары Закиров Талас облусуна жасаган иш сапарынын алкагында диний ишмер, маркум Рысбек ажы Кокумовдун жакындарынан кабар алды. Азирети Муфтий жолугушууда маркум Рысбек ажынын дин жолундагы өрнөктүү өмүрүн эскерип, үй-бүлөсүнө көңүл айтып, жеке өзүнүн жана КМДБнын атынан колдоо көрсөттү.
Маркум тууралуу маалымат:
Рысбек ажы Кокумов 1980-жылы 31-январь Талас облусуна караштуу Бакай-Ата районунун Кыргызстан айылында жарык дүйнөгө келген.
Ал медресесин аяктаган соң дин жолуна кызмат өтөй баштаган.
2011-жылдан баштап Кыргызстан айылыныны имам-хатиби;
2021-жылы декабрь айынан тартып Талас шаарынын баш имам-хатиби;
2023-жылдын август айынан баштап Талас облустук казыятынын (КМДБнын Талас облустук өкүлчүлүгүнүн) мечит жана медреселер боюнча адиси;
2024-жылы ноябрь айынын тарта Талас облусунун мусулмандарынын казысынын (Азирети Муфтийдин Талас облусундагы өкүлүнүн) орун басары болуп эмгектенип келген.
Кокумов Рысбек 2007-2011-жылдары “Али ибн Аби Толиб” медресесин бүтүргөн.
2017-жылы Кыргызстан Ислам университетинин “Араб тили жана шарият” адистигин аяктаган.
Учрда Талас мамлекеттик университетинде окуп жаткан.
Динге, эл-журтка кылган кызматтары үчүн бир канча сыйлыкка ээ болгон.
Талас облусунун ыйгарым укуктуу өкүлүнүн Ыраазычылык каты (2018-ж.)
Оро айыл өкмөтүнүн Ардак грамотасы (2020-ж.)
Бакай-Ата районунун Ардак грамотасы (2021-ж.)
Талас облусунун мусулмандарынын казыятынын Ыраазычылык каты (2023-ж.)
Талас ОИИБнин Ардак грамотасы (2023-ж.)
Кыргызстан мусулмандарынын Дин башкармалыгынын Ардак баракчасы (2024-ж.)
Талас ОИИБнин Ардак грамотасы (2025-ж.)
КР ИИМдин “Кыргыз милициясына 100 жыл” юбилейлик медалы (2025-ж.)
Үй-бүлөлүү, 3 кыздын атасы болчу.