Манас районунда жаңы борбордук мечит ишке берилет

Талас облусунун казысы Таалайбек ажы Бапиев жана казыят кызматкерлери Манас районунун Покровка айылында салынып жаткан борбордук мечиттин курулушу менен таанышты.

Район баш имам хатиби Миржалал ажы Дадабаев  жаңы курулуп жаткан мечит Покровка айылынын кире беришине салынып, айылга дагы жакшы көрк берээрин кошумчалады. Октябрь айынын ортолорунда толук буткөрүлүп колдонууга берилет.

Облус казысы  мечит бардык шарттары менен курулуп жаткандыгын, өзгөчө унаа токтотуучу жайы дагы эске алынгандыгын белгилеп, куруучуларга жана райондун баш имам хатибинин ишине ийгилик каалады.