Талас облусунун казыятынын кызматкерлери мектеп окуучуларына тарбиялык саат өттү

Бүгүн, 2-октябрда Талас облусунун казыятынын кызматкерлери Касым ажы Сыдыков, Медер ажы Сагынбаев жана Талас шаарынын баш имам хатиби Алтынбек Бешкемпиров шаардын №5 орто мектебинин окуучулары менен жолугушуп, аларга таалим тарбиялык саат өткөрүштү.

Жолугушууда окуучуларды билим алууга шыктандыруу менен бирге, жаш өспүрүмдөр арасындагы талап-тоноочулук, суицид сыяктуу актуалдуу маселелерге токтолду.

Иш-чаранын алкагында мектеп окуучулары өздөрүнүн кызыккан суроолорун узатып дин аалымдарынан жоопторун алышты.

Ушундай эле мектеп окуучуларына түшүндүрүү иштери Талас районунун Шверник айылында дагы өткөрүлдү.