«Аммар бин Ясир» мечитинин имам хатиби Мухаммадин ажы Разыков ата-энелерге балдарды тарбиялоодо диндин мааниси тууралуу айтып берди

Кечээ, 2-октябрда Бишкек шаардык казыятына караштуу «Аммар бин Ясир»мечитинин имам хатиби Мухаммадин ажы Разыков «Ак-Босого» жаңы конушунда жайгашкан «Ак-Боого» мектебинин ата энелери менен жолугушуп, балдарды тарбиялоодо диндин мааниси тууралуу айтып берди.

«Ар бир бала кичинесинен жаратуучусун таанып, Алла Тааладан коркуу сезими менен чоңойсо, ал бала ар дайым ата-энеси жакындары менен жакшы мамиледе болот. Мусулманчылыкка балдарды кичинесинен тартып тарбиялоо зарыл. Балдарыбыздын баары эле молдо болбойт, бирок кандай кесип ээси болсо да жүрөгүндө ыйман болушу керек»-деди Мухаммадин ажы.