Бишкекте өз милдетин так аткарбаган мечит имамдарына эскертүү берилди  

Бүгүн, 4-октябрда Бишкек шаарынын казысынын орун басары Эрназар ажы Асатов өз милдетин так аткарбаган мечит имамдарына эскертүү берди.

Мындай эскертүү жыл бою имамдардын айлык отчетун тапшырбаганы, имамдардын жыйындарына катышпаганы жана казыят тарабынан берилген тапшырмаларды аткарбагандыгы үчүн берилди. Эгерде абал өзгөрүүсүз калса жумуштан алуу жагы каралат.

«Ар бир имам өз милдетин так аткарса чындыгында эч маселе жаралбайт. Имамдык үчүн атайын эмгек акы дагы каралган эмес. Ошондуктан бала чакасын камсыздоо үчүн бардык имамдарыбыздын кошумча өз иши бар. Бирок казыят тарабынан берилген тапшырмаларды аткарбаган имамдарга эскертүүлөрдү бердик. Ушул эскертүүлөрдөн кийин да абал улана берсе жумуштан алуу жагы каралат»,-деди Эрназар ажы.