Асылбаш айылынын имамы Нурдин Мамыткулов окуучуларга тарбиялык саат өттү

Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Асылбаш айылынын «Биримкул» атындагы орто мектебинин 5-11 класс окуучуларына тарбиялык саат өтүлдү.

Тарбиялык саатты Асылбаш айылынын имамы Нурдин Мамыткулов өткөрүп, Ислам дини – бул тынчтыктын, адеп-ахлактын дини экенин түшүндүрүү менен бирге, илим алуунун зарылдыгы тууралы баяндамасын жасады.

«Ислам дини бардык жандуу жана жансыз нерселер менен аяр мамиледе болууга үндөйт. Чыныгы мусулман тили менен болсун, колу менен болсун эч кимге зыян бербейт. Тескерисинче алсыздарга жардам берүү, билбегендерге үйрөтүү, билгендерден суроо жана ар бир нерсени өз ордуна коюуга буюрат. Илим бул ийне менен кудук казган сымал, түбү жок, чеги жок нерсе. Ошол үчүн болгон жөндөмдүлүгүбүздү илим алууга жумшайлы»,-деди Нурдин Мамыткулов.