Талас облусунун казысы Таалайбек ажы Бапиев экстремизм жана терроризмдин алдын алууда биргеликте иштөөгө чакырды

Кечээ, 8-октябрда Талас облусунун казысы Таалайбек ажы Бапиев Кара-Буура районунун Молотов айылындагы Анарбек Умарбеков атындагы орто мектебинде айыл аксакалдары, окуучулар жана мугалимдер менен жолугушту.

Иш-чарага казыят кызматкерлери, Кара-Буура районунун баш имам хатиби Майрамбек Казакбаев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү  катышты. Окуучулар менен болгон жолугушууда облус казысы экстремизм,  терроризм жана адам сатуунун алдын алуу  туурасында маалымат берип, окуучулардын билим алуусуна өзгөчө көңүл буруу керек экендигин билдирди.

Мындан тышкары катышуучулар келечекте чет өлкөгө чыгам деген атуулдар үчүн да миграция маселелеринин оош-кыйыштарын  айтышып, өз укугун билбестиктин айынан адам сатуу көбөйгөндүгүн белгилешти. Жыйын соңунда окуучулар жолугушуу абдан пайдалуу болгондугун айтышып, ыраазычылыгын билдиришти.