Жаратканга мактоолорду жана Пайгамбарыбыз Мухаммад алейхис-саламга салам, салаваттарды айтып, фатва тууралу жазмабызды баштайбыз.
Азыркы учурда «Фатва чыгыптыр, фатва бериптир, фатва сурайын» деген сөздөр өтө көп кездешчү болду. Ошондуктан, биз бул жерде фатва деген өзү эмне, фатваны кимдер берет, фатва берүү кандай иш экенин кыскача болсо да, жазуу түрүндө түшүндүргөнгө арекет кылабыз. Алгач фатва деген сөз каяктан келип чыккан, анын мааниси эмне экенин аныктап алганыбыз дурус:
Фатва деген сөз араб тилинен алынган.
Фатва (الفتوى) деген сөздүн сөздүктөгү жана терминдеги (اصطلاح) маанилери:
Фатва сөзүнүн сөздүктөгү мааниси – Суроого жооп берүү, мейли ал суроо шариатка тиешелүү болсун, же башка нерсе тууралу болсун.
Ал эми фатва сөзүнүн терминдеги мааниси: Диний маселелер боюнча узатылган суроолорго жооп берүү, же болбосо суроо узатылбастан туруп, диний бир өкүм чыгарууну айтабыз. Фатва берүү ооз эки да болот, жазма түрүндө да боло берет. Белгилей кетчү нерсе; Фатва бул суроолорго жооп берип, кандай кылса болот, кандай кылса болбойт, кайсы иш важиб, кайсы нерсе арам экенин гана ачыктап берет. Суроо узаткан адамга эч нерсени зордоп аткарта албайт.
Фатва берүүнү алгач бардык пайгамбарлардын мырзасы, акыркы пайгамбар, сүйүктүү Мухаммад алейхис-салам баштаган. Пайгамбарыбыз (с.а.в) Кудай Тааланын ачык вахилери аркылуу, суроолорго жооп берип, өкүм чыгарып, фатва берип келген. Ислам шариатында фатва берүү жаатындагы Ыйык Куран Каримден кийинки, эң чоң курал – бул мына Пайгамбарыбыздын (с.а.в) чыгарган фатвалары болуп саналат. Сахабалар (р.а) ал фатваларды көкүрөктөрүндө да, баракчаларда да сактап келишкен.
Пайгамбарыбыздын (с.а.в) алтын доорунда, Пайгамбардан (с.а.в) башка эч ким фатва берүү менен алектенчү эмес. Бирок, кээ бир учурларда узатылган суроолорго жооп берүү ишин, Пайгамбарыбыз (с.а.в) башка сахабаларга жүктөп койгону риваятардан маалым болот.
Сүйүктүү Пайгамбарыбыз (с.а.в) дүйнөдөн кайткандан кийин, фатва берүү ишин сахабалар да аткара баштаган. Сахабалардын арасынан фатваны көп бергендер деп, аалымдар 7 сахабанын ысымын айтып келишет: 1) Умар бин Хаттаб (р.а) 2) Али бин Аби Толиб (р.а) 3) Абдулла бин Масъуд (р.а) 4) Момундардын энеси Айша (р.а) 5) Зайд бин Сабит (р.а) 6) Абдулла бин Аббас (р.а) 7) Абдулла бин Умар (р.а). Мына ушул сахабалар (Аллах алардан ыраазы болсун) өтө көп фатва берип, өкүм чыгарып келишкен. Ал эми булардан башка сахабалар болсо фатва берүү жаатында көп алектенишчү эмес. Бирок, алардын да чыгарган фатвалары боюнча атайын топтолгон китептер бар.
Сахабалар дүйнө менен кош айтышкандан кийин фатва суроо боюнча элдер замандагы чоң табиъиндерге кайрыла башташкан. Фатва берген табиъиндерди аалымдар эки түргө бөлүшкөн.
Биринчилери: Хадис риваят кылуу менен алектенишчү, фикх тууралу сөз айтышчу эмес. Куран жана хадисте ачык айтылган маселелерди гана айтышчу. Өз арекеттерин буга чейин кездеше элек маселелерге жумшап, өкүм чыгаруудан оолак жүрүшчү. Себеби, булардын көпчүлүгү ой жүгүртүү, кыяс кылууну (салыштырууну) жактырышчу эмес. Фатва берүү жана өкүм чыгарууга өтө зарыл болгондо гана барышчу.
Экинчилери: Өздөрүн фикх маселесин айтуу, фатва берүүгө арнагандар. Хадис риваят кылуу менен гана чектелбестен, маселелердин бардык түрүн, ийне-жибине чейин талдап, чечкенге арекет кылышчу. Фикх маселелерине фатваларын жазышкан, том том болгон фатва китептерин жазышкан.
Кандай болгондо дагы бул эки түрлүү бөлүктөгү табиъиндер фатва берүүдө хадис жана сахабалардын айткан маселелеринен сыртка чыккан эмес. Ар бир шаарда элдер ээчип, фатва сураган чоң табиъиндер болушкан. Мисал катары айтсак:
Нурлуу Мадина шаарында: Саид бин Мусайяб (р.х), Абу-Салама бин Абдир-Рохман бин Ауф (р.х) Урва бин Зубейр (р.х), Сулайман бин Ясаар (р.х), Убайдулла (р.х), Каасым бин Мухаммад (р.х), Хоорижа бин Зайд (р.х). Буларды «Аль-Фукахау Сабъа» 7 факких деп аташчу. Булардан тышкары Наафиъ (р.х), Ибн Шихааб (р.х) жана башкалар да болгон.
Ал эми Мекке шаарында болсо: Ато бин Аби-Роббах (р.х), Али бин Аби-Толха (р.х), Амр бин Диинар (р.х) ж.б
Кууфа шаарында: Ибрахим Нахоъий (р.х), Алкома (р.х), Саиб бин Жубейр (р.х) ж.б
Басрада болсо: Хасан Басрий (р.х), Мухаммад бин Сиирин (р.х)
Шам жергесинде: Абу Идрис Хавланий (р.х), Макхул (р.х) жана башкалар болушкан.
Кыскасы Аллах Тааланын мээримдүүлүгү менен ар бир доордо, ар бир шаарда мусулмандардын суроолоруна жооп бере турган, фатва берип турчу муфтийлер болушкан.
Буга чейин фатва эмне экенин түшүнүп алдык. Эми мындан ары фатва берүүчү кандай болуш керек, ар ким эле фатва бере алабы, фатва берүүдө кайсыл булактарга таянабыз мына ушул жөнүндө жазмакчыбыз.
Фатва суроочуну – МУСТАФТИ, ал эми фатва берүүчүнү – МУФТИЙ деп айтылат.
Муфтийнин шарттары, б.а фатва берип жаткан киши кандай болуш керек.
1) Чебер, илими терең устаздын алдында фикх илимин албаган адам үчүн фатва берүү дурус эмес. Фатва берем деген адам фикх китептерин, фатва китептерин өз алдынча окуп, түшүнө турган даражада, өкүмдөрдүн усулун (негизин), эрежелерди, фатванын себептерин жана фатва жаатында этибабарга алына турган китептерди, башка китептерден айырмалоо жөндөмдүүлүгү да болуусу зарыл.
2) Балагатка жеткен, акыл-ээси жайында болуш керек.
3) Илимдүү
4) Тажрыйбалуу
5) Адилеттүү
6) Башка илимдүүлөрдүн ага ишенүүсү керек.
Фатва берүүдө эркек болсун, азат болсун деген шарттар жок. Эгерде жогорудагы шарттар табылса, анда фатва берүү жаатында аял да, кул да эмгектенсе болот. Жогоруда жазылган шарттар кененирээк болуп фатва китептеринде жазылган. Мындан да көбүрөөк билгиңиз келсе, ошол китептерди окусаңыз болот.
Демек фатва берүү ар кимдин эле колунан келбейт, бул өтө жоопкерчиликтүү иш. Фатва берем деген адам жашоосун илимге арноосу керек. Фатва берем деген адам алгач жогорудагы шарттарды бир ирет карап, ой жүгүртүп көрсүн. Ошол шарттар табылса, анда ал инсан фатва берүүгө акылуу. Бирок, кээ бир ушундай учурлар да бар, муфтий фатва бергенге акылуу болуп турса да, анын фатва берүүсү дурус эмес болот, алар төмөнкүлөр:
1) Эгерде муфтий жалпысынан алганда фатва берүүгө ылайыктуу, бирок суралып жаткан маселе боюнча толук малыматы жок, анын далилин билбейт, же болбосо шектенип жатат, роожих кайсыл экенин билбейт, мына ушундай учурда да фатва бергенге болбойт.
2) Өз оюнан фатва берүүгө жана сурап жаткан кишинин көңүлүнө жараша, анын айтканына макул болуп, ар кандай жолдорду издеп, туура эмес буйрук чыгарууга да болбойт.
3) Эгерде муфтий ой жүгүртүү, акылды калчап көрүүгө тоскол болгон абалда болсо, анда да фатва чыгаруу дурус эмес. Мисалы; ачууланып турганда, бир нерсеге көңүлү тартып турганда, кайгы-капада жүргөндө, ачка учурда, ооруп жатканда, катуу ысык болуп ысып жатса, же катуу сууктан үшүп жатса, же даарат алгысы келип турганда.
Ошондой эле муфтий узатылган суроолордун бардыгына да жооп берүүгө милдеттүү эмес. Шашылбастан, ойлонуп, акыл калчап анан жооп бериш керек. Төмөнкү учурларда узатылган суроолорго жооп бербей койсо да болот:
1) Суроо узаткан адам жоопту алгандан кийин кандайдыр бир фитнага кирип кетүү коркунучу болсо, же фатва берүү ачык-айкын бузукулукка алып келе тургандай болсо.
2) Эч бир пайдасы жок суроолорго, фатва берүү менен эч нерсе өзгөрбөй турган болсо
3) Эгерде фатва чыгарып берсең, суроо узаткан киши аны түшүнө албай турган даражада болсо жана аны аткарбай коюу эч бир зыян алып келбесе
4) Суроо сурап жаткан кишиге жооптун эч кандай тиешеси жок болсо
5) Эгерде кайсы бир өкүмдүн маселеси өзгөчө бир үрп-адатка, же башка эле бир шаар, же мамлекетке тиешелүү болсо жана ал үрп-адатты, шаар, же мамлекетти муфтий билбесе
6) Мурунку өтүп кеткен салаф-соолихиндердин ортосундагы чыр-чатак, жаңжалдар туурасында суроо узатылса
Мына ушул жана ушулар сымал учурларга муфтий дуушар болуп калса, анда узатылган суроолорго жооп бербей койсо боло берет.
Ошону менен катар фатва берүүнүн адептери да бар, ылыйда мына ошолорду жазмакчыбыз:
- Алгач муфтий суроого жооп бериштен мурда, Аллах Таалага жалынып, туура жооп бергенге мүмкүнчүлүк сурасын
- Кайсы бир мажлисте башка илимдүүлөр болсо, суроолорго шашылып жооп бербестен, узатылган суроого жооп берүүнү илимдүүлөргө сунуштасын
- Жооптун туура экендигине толук ишенмейинче, шашылып жооп берип салбасын
- Жүрөгү, ою башка жакта болгондо жжоп бербей турсун. Оюн бир жерге жыйнап, анан жооп берсин
- Суроо узатып жаткандар ар кандай абалда, ар кандай кыйынчылыктарга дуушар болуп калгандар болот, алардын кыйынчылыгын бөлүшүп, алардан кеткен катачылыктарга сабыр кылуу менен карасын
- Суроого жазуу түрүндө жооп берип жатканда, элдердин ар бири түшүнө тургандай кылып, жеңил тил менен жооп берсин.
- Чыгарган фатвасы кыска, ошол эле учурда бардыгына түшүнүктүү болуш керек. Бир нерсеге фатва чыгарып жатканда, ага башка маселени аралаштырбасын.
- Эгерде кайсы бир маселеде Куран жана хадис менен ачык арам деп айтылбаган болсо, андай учурларда арам деп сөз иштеппесин. Балким, дурус эмес, туура эмес деген сөздөрдү иштетсе жакшы болот.
- Элдердин ортосунда өтө көп кездешүүчү маселе болсо, ага жооп берип жатканда мүмкүн болушунча, шариаттын чегинен чыкпастан жеңилдикти ыктыяр кылсын.
- Эгерде жаңы кездешип жаткан, Куран жана хадисте ачык айтылбаган маселелерге дуушар болуп калса, анда башка илимдүүлөр менен кеңещип, анан жооп берсин.
- Шариаттын өкүмүн айтып жооп берип жатканда, эч кандай өздүк, же улуттук, же саясаттык максатты көздөбөсүн.
- Муфтий өзүнүн сырткы келбетине да өтө көңүл буруш керек. Б.а тазалыгы эң жогорку даражада болсун, ар дайым даарат менен, аврет жерлери жабык, жибек кийим, алтын жасалгалардан толугу менен сактансын, шариат талап кылгандай кийинсин, башка диндегилерге окшоп калбасын.
- Ички дүйнөсүн да ар дайым таза тутуп, кылган ишинин бардыгы шариатка топ келсин.
- Шектүү нерселерден оолак болуп, такыбачылыкты ыктыяр кылсын.
- Ар дайым илимдин үстүндө, илимин курчутууну максат кылып, арекет кылсын
- Нафил, мустахаб амалдарга да бекем болуп, кичине күнөөлөрдөн да сактансын
Демек, урматтуу окурман! Муфтий болууга саналуу гана адамдар ылайыктуу келбесе, ар кимдин эле колунан келе турган нерсе эмес. Азыркы учурда бир аз арапча окуп, бир канча курстарга катышып, же болбосо интернет тармактарынан окуп алып эле, ар кимдин суроолоруна жооп беришеп, фатва чыгарып, элдин ортосунда ызы-чуу салып жаткандар да жок эмес. Бирөөнүн суроосуна жооп берүү, фатва чыгарып берүү менен анын жүгүн өз мойнуңа алдың, өзүңдүн керт башың менен жооп бересиң дегени. Туура жооп берип, туура багып берсең сенин утканың. Бирок, туура эмес жооп берип, адаштырсаң ал сенин өлгөнүң. Кандай болгон учурда да фатва берүүдөн сактанган жакшыраак болот. Жазмабызды бизге чейинки аалым-олуялар фатва берүүдөн кандай качкан, бирөөгө жооп берүүдөн кандай коркушкан экени туурасында аяктамакчыбыз.
Имам Нававий (р.х) айткан: «Фатва берүү, муфтий болуу – бул даражалуу болгону менен, өтө коркунучтуу, өтө жоопкерчиликтүү иш. Себеби, муфтий пайгамбарлардын мураскору, фарз кифая амалын аткаруучу. Бирок, өтө чоң коркунучтун үстүндө. Ошондуктан: «Муфтий – бул Аллахтын атынан кол коюуч» — деп коюшат».
Фатва берүү өтө чоң коркунуч экенин муфтий ар дайым ээсине тута жүрүш керек. Фатва берүү бул – өзүнүн жеке оюн билдирүү, же болбосо тажрыйбадан өткөн нерсе менен бөлүшүп коюу эмес. Балким, фатва берүү деген – бул Аллах Тааланын пенделер үчүн белгилеп койгон мыйзамын жекече дагы, жалпы түрдө дагы баян кылуу. Өзгөлөрдүн дүйнө жана акыреттеги бактылуулугун моюнга алуу болот.
Фатва берүү чоң жоопкерчилик экенин, муфтий өкүм чыгарууда Пайгамбар (с.а.в) жана Аллах Тааланын орун басары экени ачыктан-ачык далилдеп турат.
Муфтий биле жүрсүн! Фатва берүүдө кимдин орун басары болуп жатат? Ишенсин эртеңки күнү ал үчүн сурак болот, Аллахтын астында турат.
Укба бин Муслим (р.х) айтат: «Мен Ибн Умар (р.а) менен 34 ай бирге жүрдүм. Элдер андан бир суроо сурашса, көбүнчө: «Мен билбейм» — деп жооп берээр эле. Кийин мага мындай деп айтчу: «»Булар эмнени каалап жатышат, билесиңби? Булар биздин жоонубузду тозок отуна көпүрө кылгысы келип жатат».
Хатиб Багдадий (р.х) риваят кылат, Баро бин Аазиб (р.а) айтат: «Мен Бадр согушуна катышкан 300 сахабаны көргөнмүн, алардан ар бири фатва берүүгө шеригин көрсөтөөр эле (өздөрү фатва берүүдөн коркушчу)».
Суфян бин Уяйна (р.х) айтат: «Элдердин арасынан фатваны эң көп билгени – бул фатва боюнча ооз ачпаганы. Ал эми фатвадан эч нерсе билбегени – бул фатва гана берип жүргөнү».
Бишр бин Хаарис (р.х) айтат: «Суроого жооп берүүгө эң татыксыз адам – бул ар дайым суроолорго жооп берүүнү эңсеп жүргөн адам».
Имам Маликтин (р.х) шакирттеринин бирөөсү кабар берет: «»Имам Маликтен (р.х) бир суроо суралса, ал өзүн бейиш менен тозоктун ортосунда тургандай элестетчү».
Имам Нававийден (р.х) риваят: «Ибн Масъуд жана Ибн Аббас (р.а) айткан: «Узатылган суроолордун баарына эле жооп берген адам – акылсыз жинди».
Шаъбий жана Хасан (р.х) айтышкан эле: «Силер узатылган суроого дароо фатва берип баштайсыңар. А эгерде ошол суроо Умарга (р.а) узатылганда, ал Бадр согушуна атышкан сахабалардын баарын топтомок».
Абдурахман Умарий (р.х) айтат: «Мага Имам Малик (р.х) мындай деген эле: «Мага узатылган суроолор, мени тамактануу жана уйкудан калтыраар эле».
Кыскасы алтын доорлордо ким эле болбосун фатва берүүдөн өтө алыс жүрүшчү. Бул жазмадан аз болсо да фатва берүү эмне экенин түшүндүк. Мындан ары жазылган шарттардан алыс кетпей, фатва берүүдөн мурда ойлонолу. Аллах Таалам бардыгыбызды жакшылыктын ачкычы жана жамандыктын кулпусу кылган болсун!
Даярдаган: КМДБнын фатва бөлүмүнүн башчысы Равшан ажы Эратов.