Ош шаарындагы намазканалардын документ иштерин бүтүрүү тапшырмасы берилди

Бүгүн, 22-январь күнү Ош шаардык мусулмандар казыятынын кызматкерлери ортосунда жыйын болуп, жыйынга ДИМК ТАБнын башкы адиси Эсенов Бөрүмухаммед жана шаардагы  намазканалардын жооптуу адамдары катышты.

Жыйындын алкагында намазканалардын мыйзамсыз экендиги толкуу болуп, документ иштерин бүтүрүү тапшырмасы берилди.

“Ош шаардык мусулмандар казыяты диний уюмдарды мамлекеттик каттоого алуу боюнча бир топ иштер жүрүп жатат. Анткени Ош шаарында жайгашкан 78 мечиттин баары мамлекеттик каттоодон өтүп, ишмердүүлүгүн жүргүзүп келүүдө. Эми намазкана деген түшүнүктү унутуп, аларды мечит катары каттоого алуу иштерин жүргүзүү керек ,”- деди ДИМК ТАБнын Эсенов Бөрүмухаммед.

Айта кетсек, Ош шаарындагы намазканаларды каттоого алуу үчүн тиешелүү документтери даярдалууда. Учурда Ош шаарында 12 намазкана жайгашкан.