Баткен районунун баш имам хатиби имамдарга жыйын өткөрдү

Кечээ,  21-январда  Баткен районунун борбордук мечитинде,  райондун баш имам хатиби Муса ажы Жолдошов  айыл имамдары менен жолугушту.    Жолугушуу учурунда райондогу бардык имамдар Кыргызстан мусулмандарынын Дин Башкармалыгынын, облустук казыяттын буйруктарынын алкагында иштөөнү белгилеп, тийишттүү тапшырмаларды берди.

Мындан тышкары имамдардын өз ишине жоопкерчиликтүү мамиле жасап, документтеринин тактыгы, эсеп-кысап иштерине дыкат көңүл бурууга чакырды.

“Ар бир имам айыл тургундары, айылдык башкаруу органдыры, айыл аксакалдары, окуучулар менен тыгыз байланышта иш алып барууңар зарыл жана ар бир имам КМДБнын бирдиктүү жума хутбалары менен элге баяндама айтууга  көңүл буруусу керек”,-деди Баткен районунун баш имам хатиби Муса ажы Жолдошов.