Манас районунда өрт коопсуздугун алдын алууда түшүндүрүү иштери жүрүүдө

Талас облусунун Манас районунун ӨКМдүн өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча райондогу бөлүмүнүн башчысы Д.Назармамбетов Манас районунун баш имам хатиби Миржалал ажы Дадабаев менен жолугушту.

Жолугушууда бардык мечиттерде жума намазында эл журтка өрт коопсуздугун алдын алуу жана кышкы суукта  электр жабдыктарына дыкат көңүл буруу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.  

Д.Назарбековдун айтымында, өткөн жылы район аймагы боюнча жалпы 43 өрт кырсыгы катталган. Анын кесептинен жалпысынан 743 миң 456 сомдук зыян келтирилген. Райондук өрт өчүрүүчүлөрдүн аракети менен 21 миллион 500 миң сомдук материалдык чыгымды тилсиз жоодон сактап калышкан.  

Ал эми Миржалал ажы Дадабаев имамдарга кайрылуу жасап, өрт коопсуздугун алдын алуу боюнча элге түшүндүрүү ишин жүргүзүү боюнча тапшырмаларды берди.